# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-майындагы ПТ № 166 (Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын Күжүрмөн туусу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу) тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-майындагы ПТ № 166 (Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын Күжүрмөн туусу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 166
- Кабыл алынган күнү: 22.05.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.05.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230027049>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-19520/edition/32097/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230027049.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.05.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-майындагы ПТ № 166 (Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын Күжүрмөн туусу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу) тескемеси (22.05.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230027049

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2025-жылдын 22-майы ПТ № 166 Өздүк курамды антка, ар-намыска жана милдетке бекем болууну билдирген Ата Мекенди коргоочулардын бардык муундарынын салттарынын жана күжүрмөн даңкынын рухунда тарбиялоо максатында, "Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Ички кызматынын уставы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын Күжүрмөн туусу жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн өзгөчө ардак белгиси, аскердик ар-намыстын, эрдиктин жана даңктын символу катары Күжүрмөн туу жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын Күжүрмөн туусуна Кыргыз Республикасынын Президентинин грамотасы тапшырылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги ушул тескемеден келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров
