# Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 16-майындагы № 93 "Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Ош жана Чүй облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө" Мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 16-майындагы № 93 "Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Ош жана Чүй облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 93
- Кабыл алынган күнү: 16.05.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.05.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230027039>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5546/edition/32080/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230027039.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.05.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 16-майындагы № 93 "Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Ош жана Чүй облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө" Мыйзамы (16.05.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230027039

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2025-жылдын 16-майы № 93

Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Ош жана Чүй облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230027039/st-1)

Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Сары-Челек айыл аймагынын Атантай калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана ал Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Сары-Челек айыл аймагынын Атантай айылы деп аталсын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230027039/st-2)

Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Сузак районунун С.Атабеков айыл аймагынын Кыдырша калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана ал Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Сузак районунун С.Атабеков айыл аймагынын Кыдырша айылы деп аталсын.

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230027039/st-3)

Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районунун Төрт-Көл айыл аймагынын Арык-Уулу калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана ал Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районунун Төрт-Көл айыл аймагынын Арык-Уулу айылы деп аталсын.

### [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230027039/st-4)

Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районунун Төрт-Көл айыл аймагынын Гүлистан калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана ал Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районунун Төрт-Көл айыл аймагынын Гүлистан айылы деп аталсын.

### [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230027039/st-5)

Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районунун Арашан айыл аймагынын Бер-Булак калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана ал Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районунун Арашан айыл аймагынын Бер-Булак айылы деп аталсын.

### [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230027039/st-6)

Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Сары-Челек айыл аймагынын Атантай, Сузак районунун С.Атабеков айыл аймагынын Кыдырша, Ош облусунун Өзгөн районунун Төрт-Көл айыл аймагынын Арык-Уулу жана Гүлистан, Чүй облусунун Аламүдүн районунун Арашан айыл аймагынын Бер-Булак деп түзүлгөн айылдарынын чек араларынын баяндалышы тиркемеге ылайык бекитилсин.

### [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230027039/st-7)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Жапаров

2025-жылдын 10-апрелинде

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган
