Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Ош жана Чүй облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө» Мыйзамы
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 16-майы № 93
Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Ош жана Чүй облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө
1-берене. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Сары-Челек айыл аймагынын Атантай калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана ал Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Сары-Челек айыл аймагынын Атантай айылы деп аталсын.
2-берене. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Сузак районунун С.Атабеков айыл аймагынын Кыдырша калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана ал Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Сузак районунун С.Атабеков айыл аймагынын Кыдырша айылы деп аталсын.
3-берене. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районунун Төрт-Көл айыл аймагынын Арык-Уулу калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана ал Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районунун Төрт-Көл айыл аймагынын Арык-Уулу айылы деп аталсын.
4-берене. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районунун Төрт-Көл айыл аймагынын Гүлистан калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана ал Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районунун Төрт-Көл айыл аймагынын Гүлистан айылы деп аталсын.
5-берене. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районунун Арашан айыл аймагынын Бер-Булак калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана ал Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районунун Арашан айыл аймагынын Бер-Булак айылы деп аталсын.
6-берене. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Сары-Челек айыл аймагынын Атантай, Сузак районунун С.Атабеков айыл аймагынын Кыдырша, Ош облусунун Өзгөн районунун Төрт-Көл айыл аймагынын Арык-Уулу жана Гүлистан, Чүй облусунун Аламүдүн районунун Арашан айыл аймагынын Бер-Булак деп түзүлгөн айылдарынын чек араларынын баяндалышы тиркемеге ылайык бекитилсин.
7-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Жапаров
2025-жылдын 10-апрелинде
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (5)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 13-мартындагы № 2894-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 13-мартындагы жыйналышынын күн тартибин…Постановление · 13.03.2025 · № 2894-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 13-февралындагы № 2815-VII "Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Ош жана Чүй облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл…Постановление · 13.02.2025 · № 2815
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 13-мартындагы № 2902-VII "Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Ош жана Чүй облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл…Постановление · 13.03.2025 · № 2902-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 10-апрелиндеги № 2979-VII "Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Ош жана Чүй облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл…Постановление · 10.04.2025 · № 2979-VII
- Жалал-Абад, Ош жана Чүй облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндөЗакон · 16.05.2025