# 1-берене

- Документ: [Жол фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/230027024)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 19-майындагы № 94 "Жол фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 94
- Кабыл алынган күнү: 19.05.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.05.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230027024/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230027024/edition/32055/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230027024/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.05.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жол фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, 1-берене (19.05.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230027024/st-1

---

"Жол фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2022-жылдын 3-июну, № 49) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 3-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Жол фондунун каражаттары төмөнкүлөргө гана пайдаланылат:

1) жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун долбоорлоону, курууну, күтүүнү, оңдоону, реконструкциялоону жана өнүктүрүүнү каржылоого;

2) жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун куруу, күтүү жана оңдоо үчүн материалдарды (анын ичинде битум, шагыл), ошондой эле жогоруда көрсөтүлгөн максаттар үчүн күйүүчү-майлоочу материалдарды сатып алууга.";

2) төмөнкүдөй мазмундагы 3-1-берене менен толукталсын:

"3-1-берене. Республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жабылуучу чыгымдар Транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга республикалык бюджетте каралган каражаттардан төмөнкүлөргө чыгымдар өзүнчө каржыланат:

1) Жол фондунун катчылыгын күтүү;

2) транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын өндүрүштүк-чарбалык ишин камсыз кылуу үчүн зарыл болгон тармактагы мезгилдүү басылманы чыгаруу, кызматтык адабияттарды, китептерди, колдонмолорду, ченемдик-техникалык документтерди, стандарттарды, маалымат бюллетендерин жана окуу куралдарын, бланктык продукцияны даярдоо жана басып чыгаруу;

3) кадрларды даярдоо, кайра даярдоо жана окутуу;

4) илимий-техникалык изилдөө.".

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230027024/st-2)
