Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын «Жол фонду жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 19-майы № 94
"Жол фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене. "Жол фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2022-жылдын 3-июну, № 49) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Жол фондунун каражаттары төмөнкүлөргө гана пайдаланылат:
1) жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун долбоорлоону, курууну, күтүүнү, оңдоону, реконструкциялоону жана өнүктүрүүнү каржылоого;
2) жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун куруу, күтүү жана оңдоо үчүн материалдарды (анын ичинде битум, шагыл), ошондой эле жогоруда көрсөтүлгөн максаттар үчүн күйүүчү-майлоочу материалдарды сатып алууга.";
2) төмөнкүдөй мазмундагы 3-1-берене менен толукталсын:
"3-1-берене. Республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жабылуучу чыгымдар Транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга республикалык бюджетте каралган каражаттардан төмөнкүлөргө чыгымдар өзүнчө каржыланат:
1) Жол фондунун катчылыгын күтүү;
2) транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын өндүрүштүк-чарбалык ишин камсыз кылуу үчүн зарыл болгон тармактагы мезгилдүү басылманы чыгаруу, кызматтык адабияттарды, китептерди, колдонмолорду, ченемдик-техникалык документтерди, стандарттарды, маалымат бюллетендерин жана окуу куралдарын, бланктык продукцияны даярдоо жана басып чыгаруу;
3) кадрларды даярдоо, кайра даярдоо жана окутуу;
4) илимий-техникалык изилдөө.".
2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 23-майындагы № 37 (3693) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
2025-жылдын 24-апрелинде
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- Жол фонду жөнүндөЗакон · 30.05.2022 · № 36
Шилтеме берет (1)
- Жол фонду жөнүндөЗакон · 30.05.2022 · № 36