1-берене
Күчүндө · 21.05.2025 редакциясы
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) төмөнкүдөй мазмундагы 192-1-берене менен толукталсын:
"192-1-берене. Акы төлөнүүчү муниципалдык унаа токтотуучу жайга транспорт каражатын жайгаштыруу үчүн акы төлөөдөн качуу Акы төлөнүүчү муниципалдык унаа токтотуучу жайга (акы төлөөнүн жана убакытты эсепке алуунун автоматташтырылган системасы болгондо) транспорт каражатын жайгаштыруу (токтотуу) үчүн белгиленген акыны төлөөдөн качуу - жеке жактарга 10 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, юридикалык жактарга 50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.";
2) 492-берененин биринчи абзацы "179-181-беренелеринде," деген сөздөрдөн кийин "192-1-беренесинде," деген сөздөр менен толукталсын.
Берененин тексти 21.05.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230027015/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>