# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 20-майы № 263 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 1-мартындагы № 999-VII токтому менен бекитилген 2023-2025-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 20-майы № 263 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 1-мартындагы № 999-VII токтому менен бекитилген 2023-2025-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 263
- Кабыл алынган күнү: 20.05.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.05.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230027013>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-41534/edition/32040/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230027013.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.05.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 20-майы № 263 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 1-мартындагы № 999-VII токтому менен бекитилген 2023-2025-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (20.05.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230027013

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 20-майы № 263

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 1-мартындагы № 999-VII токтому менен бекитилген 2023-2025-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 91-беренесине жана "Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-статьясына ылайык, "Мамлекеттик менчикти менчиктештирүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесин, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 1-мартындагы № 999-VII токтому менен бекитилген 2023-2025-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) жогоруда аталган Программанын 1-тиркемесининин 1-главасы төмөнкүдөй мазмундагы 8-1-пункту менен толукталсын:

"

8-1

"Таза Энержи" ЖЧК

\*"Курулуп жаткан электр станцияларынын дирекциясы" ААКтын уставдык капиталына салым катары киргизүү үчүн

1,0

100,0

100,0

";

2) жогоруда аталган Программанын 2-тиркемеси төмөнкүдөй мазмундагы 2-пункт менен толукталсын:

"

2

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын алдындагы "Бажы инфраструктурасы" мамлекеттик ишканасы

Кыргыз Финансы караштуу кызматы

Республикасынын министрлигине Мамлекеттик бажы

";

3) жогоруда аталган Программанын 3-тиркемесинде:

- төмөнкүдөй мазмундагы 4-1-пункт менен толукталсын:

"

4-1

Бишкек шаары, Осмонкулов көчөсү, 64 дарегинде жайгашкан эки кабаттуу имараты менен жер участогу, идентификациялык коду 1-03-05-0038-0043

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 9-апрелиндеги № 262-т тескемесин аткаруу үчүн "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ААКтын уставдык капиталында мамлекеттик үлүштү көбөйтүү үчүн

";

- төмөнкүдөй мазмундагы 4-глава менен толукталсын:

"

4. Ысык-Көл облусу

7

Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кыргыз деңизи" мамлекеттик ишканасынын мүлктүк комплекси

Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 21 -февралындагы № 98-т тескемесин аткаруу үчүн бул объект ААКтын уставдык капиталына салым катары киргизилет

".

2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
