2-берене
Күчүндө · 19.05.2025 редакциясы
"Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 2, 5-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-1-беренеде:
а) он жетинчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
б) он сегизинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"мониторинг жүргүзүү - фото- жана видеобайкоо аркылуу жүргүзүлүүчү жана ушул Мыйзамда белгиленген ченемдерди бузууларды табууга жана четтетүүгө багытталган ишкердик субъекттеринин ишин байкоо, чогултуу, түшүрүү, талдоо процесси, ал текшерүү болуп саналбайт жана текшерүүлөрдү жүргүзүү үчүн негиз болуп бере албайт. Мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө мыйзамдардын ченемдерин бузуулар табылган учурда монополияга каршы мамлекеттик орган, мамлекеттик контролду (көзөмөлдү) жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан аныкталган бузууларды четтетүү тууралуу эскертүү берилет. Жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы боюнча керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө мыйзамдардын ченемдерин бузуулар кайталап табылган учурда, табылган бузууларды четтетүү максатында монополияга каршы мамлекеттик орган, мамлекеттик контролду (көзөмөлдү) жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан белгиленген тартипте тиешелүү чаралар көрүлөт.";
2) 24-1-беренеде:
а) 1-пункттун экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Келишим түзгөнгө чейин сатуучу (даярдоочу) керектөөчүгө товардын негизги керектөө касиеттери, сатуучунун дареги (жайгашкан жери), товардын чыгарылган жери, сатуучунун (даярдоочунун) толук фирмалык аталышы, товардын жалпы баасы (бардык кошумча төлөмдөрдү кошо алганда) жана сатып алуунун, жеткирүүнүн шарттары, колдонуу мөөнөтү, жарамдуулук мөөнөтү жана кепилдик мөөнөтү, товарга төлөөнүн тартиби, ошондой эле келишим түзүү жөнүндө сунуштун колдонулуу мөөнөтү жөнүндө маалыматтарды жана "Электрондук соода жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган башка маалымат берүүгө тийиш.";
б) 3-пункттун төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Керектөөчү товардан баш тартканда, сатуучу келишим боюнча керектөөчү төлөгөн акчалай сумманы керектөөчү тийиштүү талапты койгон күндөн тартып жыйырма бир күндөн кечиктирбестен, же болбосо сатуучу кайтарылган товарды алган күндөн тартып он төрт күндөн кечиктирбестен ага кайтарып берүүгө тийиш. Келишим боюнча керектөөчү тарабынан төлөнгөн акчалай сумма, эгерде керектөөчү кайтаруунун башка ыкмасын түз көрсөтпөсө, ал алынган ыкмада жана ошого окшош шарттарда кайтарылууга тийиш. Сатуучу акча каражаттарын кайтарып берүү мөөнөтүнүн өтүшү анын күнөөсү боюнча эмес жол берилгендиги үчүн жоопкерчилик тартпайт.";
3) төмөнкүдөй мазмундагы 27-1-берене менен толукталсын:
"27-1-берене. Электрондук соодадагы тыюу салынган аракеттер
1. Соодадагы тыюу салынган аракеттерден тышкары, сатуучу электрондук соодада төмөнкүлөргө укуксуз:
керектөөчүгө жалган, толук эмес, түшүнүксүз, так эмес, кош маанидеги, өз убагынан кечиккен маалыматты берүүгө; керектөөчүгө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган маалыматтарды бербөөгө; керектөөчүгө зыян келтирүү менен тараптардын укуктарын жана милдеттерин дисбаланска алып келүүчү адилетсиз шарттарды келишимге киргизүүгө; керектөөчүнүн терс пикирлерди жарыялоо же макулдашылбаган транзакциялар, бааларды жогорулатуу жана жеткирилбеген товарлар же көрсөтүлбөгөн кызматтар үчүн төлөмдөр менен байланышкан чыгашаларды талашуу мүмкүнчүлүгүн чектөөгө; өзү же өзүнүн жайгашкан жери тууралуу маалыматты жашырууга, ошондой эле керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө мыйзамдарды сактоодон качууга; керектөөчүлөрдүн жеке мүнөздөгү маалыматтарын мыйзамсыз чогултуу, сактоо, иштеп чыгуу жана пайдалануу менен алектенүүгө; керектөөчүнүн өмүрүнө жана ден соолугуна же мүлкүнө зыян келтиргендиги үчүн жоопкерчиликтен өзүн бошотууга же чектөөгө; товарды жеткирүү мөөнөттөрү сакталбагандыгы үчүн өзүнүн жоопкерчилигин чектөөгө; керектөөчүнүн өз укуктарын коргоо укугун чектөөгө.
2. Жогоруда көрсөтүлгөн иш-аракеттерди жасаган сатуучу ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык керектөөчүлөрдүн укуктары сакталбагандыгы үчүн жоопкерчилик тартат жана керектөөчү тарткан чыгымдардын ордун толтурат.";
4) 54-берененин 2-пунктунун төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"керектөөчүлөрдүн тапшырмасы боюнча керектөөчүлөрдүн укуктары бузулган фактылар боюнча экспертизаларды жүргүзүүгө катышууга;".
Берененин тексти 19.05.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
2-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (2)
- Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндөЗакон · 10.12.1997 · № 90
- Электрондук соода жөнүндөЗакон · 22.12.2021 · № 154
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230027006/st-2" title="2-берене - Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине, "Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө", "Электрондук соода жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>