Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Гавриловка айылдык кеңешинин «Жангарач айылындагы жаңы ачылган И. Санжиров атындагы спорт комплексинин штаттык ырааттамасын бекитүү жөнүндө» токтому
ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ XXVIII чакырылыштын 20 (кезектүү) сессиясы
2024-жылдын 15-февралы № 4
Жангарач айылындагы жаңы ачылган И. Санжиров атындагы спорт комплексинин штаттык ырааттамасын бекитүү жөнүндө
Гавриловка айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М.А.Абадбековдун Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы №181 “Билим берүү системасынын педагогикалык жана айрым категориялардагы кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө” токтомунун негизинде И.Санжиров атындагы жаңы ачылган спорт комплексинин кызматкерлеринин штаттык ырааттамасын бекитүү жана жергиликтүү бюджеттен эмгек акы бөлүп берүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Гавриловка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. И. Санжиров атындагы спорт комплексинин штаттык ырааттамасы төмөнкү курамда бекитилсин:
- Самбо боюнча ийримдин жетекчиси – 1 бирдик;
- Кароолчу – 1 бирдик;
- Техникалык персонал – 1 бирдик.
2. 2024 – жылга жергиликтүү бюджеттен эмгек акы - 301,0 миң сом, соц.фонд 17,25% - 51,9 миң сом бөлүп берилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышы Гавриловка айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Ж.Б.Карымшаковага жүктөлсүн.
Төрага
А.Т. Ибраимов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.