# Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 21-январындагы "Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык Аксакалдар сотторунун Типтүү Регламентин өзгөртүү толуктоо менен кабыл алуу жөнүндө"№3/2 токтому

- Толук аталышы: Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 21-январындагы "Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык Аксакалдар сотторунун Типтүү Регламентин өзгөртүү толуктоо менен кабыл алуу жөнүндө"№3/2 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 3/2
- Кабыл алынган күнү: 21.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.01.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230026971>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-41497/edition/32000/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 21-январындагы "Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык Аксакалдар сотторунун Типтүү Регламентин өзгөртүү толуктоо менен кабыл алуу жөнүндө"№3/2 токтому (21.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230026971

---

КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Депутаттардын VIII- чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги III сессиясы

2025-жылдын 21-январы № 3/2

Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык Аксакалдар сотторунун Типтүү Регламентин өзгөртүү толуктоо менен кабыл алуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» №123-Мыйзамынын 34-беренесин ылайык,Депутаттардын VIII чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин “Аксакалдар сотторунун Типтүү регламентин бекитүү жөнүндө” 2024-жылдын 17-декабрындагы № 01-25/342 буйругу менен бекитилген, Аксакалдар сотторунун типтүү регламентин талкуулап токтом кылат:

1. Кум-Дөбө айыл аймагынын Аксакалдар сотторунун жаңы редакциясындагы Регламенти өзгөртүү толуктоо менен бекитилсин.

2. Кум-Дөбө айыл аймагынын Аксакалдар сотторунун талаптарынын сакталышына контролдук кылуу Аксакалдар сотторунун төрагаларына милдеттендирилсин.

3. Токтомду Юстиция министрлигине катоо Кум-Дөбө айылдык Кеңешинин жооптуу катчысы Д.Сыдыковго милдеттендирилсин.

Төрага

К. Ыбышов
