# 6-берене

- Документ: [Улуттук санарип валютасынын - санарип сомунун Кыргыз Республикасындагы укуктук статусунун маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230026954)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 29-апрелиндеги № 88 "Улуттук санарип валютасынын - санарип сомунун Кыргыз Республикасындагы укуктук статусунун маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 88
- Кабыл алынган күнү: 29.04.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.04.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230026954/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5540/edition/31986/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230026954/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Улуттук санарип валютасынын - санарип сомунун Кыргыз Республикасындагы укуктук статусунун маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 6-берене (29.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230026954/st-6

---

"Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 1, 21-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 2-берене төмөнкүдөй мазмундагы 25-34-пункттар менен толукталсын:

"25) санариптик эсеп - төлөм системасынын катышуучулары үчүн санарип сом платформасынын оператору тарабынан ачылуучу атайын эсеп;

26) санариптик капчык - санарип сом платформасынын катышуучулары аркылуу пайдалануучулар үчүн ачылуучу санарип сомдун эсеби;

27) санарип сом платформасы - адистештирилген программалык камсыздоо, ал аркылуу санарип сом платформасынын оператору, санарип сом платформасынын катышуучулары жана санарип сом платформасынын пайдалануучулары санарип сом менен операцияларды жүргүзүү үчүн платформанын эрежелерине ылайык өз ара аракеттенишет;

28) санарип сом платформасынын оператору - Улуттук банк, ал санарип сом платформасынын операторунун санарип сом платформасынын катышуучуларынын алдындагы алардын санариптик эсептеринде эсепке алынуучу санарип сомунун суммасындагы милдеттенмелеринин өлчөмүн чагылдыруучу санариптик эсепке алуу жазууларын түзүү жолу менен санарип сом платформасынын катышуучуларынын санарип сомдорун чыгарат жана эсепке алат (санарип сомдун калдыгын түзүү);

29) санарип сом платформасынын эрежелери - санарип сом платформасына жеткиликтүү болуу шарттарын белгилөөчү жана ушул Мыйзамда жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында каралган башка жоболорду камтуучу Улуттук банктын ченемдик укуктук актылары;

30) санарип сом платформасын пайдалануучу - санарип сомдорду пайдалануу менен операцияларды жүргүзүү үчүн төлөм системасынын катышуучусунун тиркемеси аркылуу санариптик капчык ачкан жеке жак, юридикалык жак же жеке ишкер;

31) санарип сом платформасынын түздөн-түз катышуучулары - санарип сом платформасында санариптик эсептери бар банктар жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгы;

32) санарип сом платформасынын кыйыр катышуучулары - банк менен келишимдин алкагында санарип сом платформасына жеткиликтүү болуу инфратүзүмүн камсыз кылуучу төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары;

33) санарип сомду оффлайн-төлөө - бул интернет-байланыш жок болгон же жогорку ылдамдыктагы байланыш жетиштүү кошулбаган/үзгүлтүккө учураган, коммуникациялык байланыш өчүп калган учурда санариптик капчыктын бир пайдалануучусунан башка санариптик капчыкка төлөм жүргүзүүлөр жана которуулар;

34) санарип сом платформасындагы смарт-контракттар - санарип сом платформасынын катышуучуларынын санариптик келишими.";

2) төмөнкүдөй мазмундагы 3-1-берене менен толукталсын:

"3-1-берене. Санарип сом платформасында төлөмдөрдү уюштурууга талаптар

1. Санарип сомду пайдалануу менен төлөмдөрдүн үзгүлтүксүз иштөөсүн уюштуруу жана камсыз кылуу максатында санарип сом платформасынын оператору санарип сом платформасынын иштөө эрежелерин, техникалык регламентин белгилейт жана алардын сакталышын контролдойт. Санарип сом платформасынын эрежелери төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:

1) санарип сом платформасынын операторунун жана катышуучуларынын функцияларын;

2) санарип сом платформасынын катышуучуларына жана пайдалануучуларына талаптарды;

3) санарип сом платформасынын катышуучуларына жана пайдалануучуларына санарип сом платформасына жеткиликтүүлүктү берүү, алардын санарип сом платформасына жеткиликтүү болуусун токтотуп туруу, кайтадан улантуу жана токтотуу тартибин;

4) санариптик капчыктарды ачууда жана операцияларды жүргүзүүдө санарип сомдун пайдалануучусун идентификациялоо, верификациялоо жана аутентификациялоо тартибин;

5) санарип сомдор менен операциялардын түрлөрүн жана аларды жүргүзүү тартибин, ошондой эле колдонулуучу эсептешүү формаларын;

6) санарип сом платформасынын иштөө тобокелдиктерин жана үзгүлтүксүздүгүн башкаруу тартибин (мындан ары - санарип сом платформасынын үзгүлтүксүз иштөөсү);

7) санарип сом платформасынын катышуучулары үчүн маалыматтарды коргоону камсыз кылууга карата талаптарды;

8) талаш-тартыштарды жана пикир келишпестиктерди жөнгө салуу тартибин;

9) санарип сом платформасынын катышуучуларынын жана операторунун укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин, санарип сом платформасынын эрежелеринин сакталышын контролдоону жүзөгө ашыруу тартибин.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн санарип сом платформасынын эрежелери санарип сом платформасынын иштөөсүн уюштуруу жана камсыз кылуу үчүн зарыл болгон башка жоболорду камтуусу мүмкүн.

3. Санарип сом платформасынын эрежелери Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жайгаштырылат.";

3) 10-берене "электрондук капчыктарды" деген сөздөрдөн кийин ", санариптик капчыктарды" деген сөздөр менен толукталсын;

4) төмөнкүдөй мазмундагы 15-1-берене менен толукталсын:

"15-1-берене . Санарип сомдор менен эсептешүүлөрдүн аякташы

1. Пайдалануучунун санариптик капчыгынан санарип сомдорду которуу боюнча операция алуучунун санариптик капчыгына санарип сомдор чегерилген учурда аяктайт.

2. Санарип сомдорду пайдалануу менен жүргүзүлүүчү операциялар боюнча милдеттенме алар пайдалануучунун санариптик капчыгынан эсептен чыгарылган жана каражаттарды алуучунун санариптик капчыгына/эсебине чегерилген учурдан тартып аткарылды деп эсептелет.

3. Оффлайн-төлөмдөрдүн аякташы эки этапта болот:

1) локалдык аяктоо (алдын ала аяктоо): каражаттар бир оффлайн-санариптик капчыктын эсебинен чыгарылып, башкасына чегерилген учурда транзакция түзүлүштүн деңгээлинде аяктады деп эсептелет. Бул эки түзүлүштүн ортосунда оффлайн-транзакция жүргүзүлгөн учурда болот;

2) финалдык аяктоо: аяктоо санарип сом платформасында транзакция катталгандан кийин анын толук бүткөндүгүн ырастайт.

Транзакция санариптик капчыктын түзүлүшүнүн же башка санариптик алып жүрүүчүнүн эс тутумунда жазылат жана санарип сом платформасынын оператору менен синхрондоштурууну күтөт.".

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230026954/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230026954/st-7)
