# 1-берене

- Документ: [Улуттук санарип валютасынын - санарип сомунун Кыргыз Республикасындагы укуктук статусунун маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230026954)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 29-апрелиндеги № 88 "Улуттук санарип валютасынын - санарип сомунун Кыргыз Республикасындагы укуктук статусунун маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 88
- Кабыл алынган күнү: 29.04.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.04.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230026954/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5540/edition/31986/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230026954/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Улуттук санарип валютасынын - санарип сомунун Кыргыз Республикасындагы укуктук статусунун маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 1-берене (29.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230026954/st-1

---

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин I бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 6, 80-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 22-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"22-статья. Граждандык укук объектилеринин түрлөрү Граждандык укук объектилерине буюмдар, анын ичинде акчалар жана баалуу кагаздар, виртуалдык активдер, санарип сомдор, башка мүлк, анын ичинде мүлктүк укуктар; жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр; корголуучу маалымат; интеллектуалдык иштин натыйжалары жана аларга теңештирилген жекелештирүү каражаттары (интеллектуалдык менчик), ошондой эле башка материалдык жана материалдык эмес баалуулуктар кирет.";

2) 35-статьянын 2-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Төлөмдөр Кыргыз Республикасынын аймагында накталай жана накталай эмес эсептешүүлөр (анын ичинде санарип сом менен эсептешүүлөр) түрүндө жүзөгө ашырылат.";

3) 89-статьянын 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

"Юридикалык жактардын жана жеке ишкерлердин фирмалык аталыштарында "санарип сом" жана "санарип сом платформасы" деген сөздөрдү пайдаланууга тыюу салынат.".

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230026954/st-2)
