1-берене
Күчүндө · 29.04.2025 редакциясы
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин I бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 6, 80-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 22-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"22-статья. Граждандык укук объектилеринин түрлөрү Граждандык укук объектилерине буюмдар, анын ичинде акчалар жана баалуу кагаздар, виртуалдык активдер, санарип сомдор, башка мүлк, анын ичинде мүлктүк укуктар; жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр; корголуучу маалымат; интеллектуалдык иштин натыйжалары жана аларга теңештирилген жекелештирүү каражаттары (интеллектуалдык менчик), ошондой эле башка материалдык жана материалдык эмес баалуулуктар кирет.";
2) 35-статьянын 2-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Төлөмдөр Кыргыз Республикасынын аймагында накталай жана накталай эмес эсептешүүлөр (анын ичинде санарип сом менен эсептешүүлөр) түрүндө жүзөгө ашырылат.";
3) 89-статьянын 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Юридикалык жактардын жана жеке ишкерлердин фирмалык аталыштарында "санарип сом" жана "санарип сом платформасы" деген сөздөрдү пайдаланууга тыюу салынат.".
Берененин тексти 29.04.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230026954/st-1" title="1-берене - Улуттук санарип валютасынын - санарип сомунун Кыргыз Республикасындагы укуктук статусунун маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>