# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-апрелиндеги № 243 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-декабрындагы № 715 "Кыргыз Республикасынын ак ниет ишкерлеринин реестрин жүргүзүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-апрелиндеги № 243 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-декабрындагы № 715 "Кыргыз Республикасынын ак ниет ишкерлеринин реестрин жүргүзүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 243
- Кабыл алынган күнү: 30.04.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.04.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230026924>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-41471/edition/31949/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230026924.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-апрелиндеги № 243 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-декабрындагы № 715 "Кыргыз Республикасынын ак ниет ишкерлеринин реестрин жүргүзүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (30.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230026924

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 30-апрели № 243 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-декабрындагы № 715 "Кыргыз Республикасынын ак ниет ишкерлеринин реестрин жүргүзүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 1-июлундагы № 212 "Кыргыз Республикасынын ишкерлеринин статусун жана беделин жогорулатуу жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-декабрындагы № 715 "Кыргыз Республикасынын ак ниет ишкерлеринин реестрин жүргүзүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын ак ниет ишкерлеринин реестрин жүргүзүү жөнүндө жободо:

- 3-пунктта:

"Кыргыз Республикасында ишкердикти өнүктүрүү боюнча ыйгарым укуктуу орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган)" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы (мындан ары - реестр кармоочу)" деген сөздөргө алмаштырылсын; төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын: "Реестрди жүргүзүү боюнча саясатты түзүү Кыргыз Республикасында ишкердикти өнүктүрүү боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүзөгө ашырылат.";

- 8, 12-14, 16-пункттарда, 21-пункттун 2-пунктчасында ар түрдүү жөндөмөлөрдө "ыйгарым укуктуу орган" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдө "реестр кармоочу" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 29-пунктта:

1-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "1) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик телеканалдарында медиа-жарнама үчүн мамлекеттик телеканалдар менен макулдашылган медиа-план боюнча акысыз эфир убактысын алат;"; 2-пунктчасында "жана бажылык" деген сөздөр алып салынсын;

- жогоруда аталган Жобонун 3-тиркемесинде:

жогорку оң жак бурчунда "Кыргыз Республикасында ишкердикти өнүктүрүү боюнча ыйгарым укуктуу орган" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы" деген сөздөргө алмаштырылсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 2-майындагы № 33 (3689) саны менен жарыяланды.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
