Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-декабрындагы № 715 „Кыргыз Республикасынын ак ниет ишкерлеринин реестрин жүргүзүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ күчүндөгү редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 30-апрели № 243 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-декабрындагы № 715 "Кыргыз Республикасынын ак ниет ишкерлеринин реестрин жүргүзүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 1-июлундагы № 212 "Кыргыз Республикасынын ишкерлеринин статусун жана беделин жогорулатуу жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-декабрындагы № 715 "Кыргыз Республикасынын ак ниет ишкерлеринин реестрин жүргүзүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын ак ниет ишкерлеринин реестрин жүргүзүү жөнүндө жободо:
- 3-пунктта:
"Кыргыз Республикасында ишкердикти өнүктүрүү боюнча ыйгарым укуктуу орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган)" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы (мындан ары - реестр кармоочу)" деген сөздөргө алмаштырылсын; төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын: "Реестрди жүргүзүү боюнча саясатты түзүү Кыргыз Республикасында ишкердикти өнүктүрүү боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүзөгө ашырылат.";
- 8, 12-14, 16-пункттарда, 21-пункттун 2-пунктчасында ар түрдүү жөндөмөлөрдө "ыйгарым укуктуу орган" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдө "реестр кармоочу" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 29-пунктта:
1-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "1) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик телеканалдарында медиа-жарнама үчүн мамлекеттик телеканалдар менен макулдашылган медиа-план боюнча акысыз эфир убактысын алат;"; 2-пунктчасында "жана бажылык" деген сөздөр алып салынсын;
- жогоруда аталган Жобонун 3-тиркемесинде:
жогорку оң жак бурчунда "Кыргыз Республикасында ишкердикти өнүктүрүү боюнча ыйгарым укуктуу орган" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 2-майындагы № 33 (3689) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · ага шилтеме бергендер: 1 · байланышкандар: 0
Документке шилтеме берген актылар (1)
Документ шилтеме берген актылар (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-декабрындагы № 715 "Кыргыз Республикасынын ак ниет ишкерлеринин реестрин жүргүзүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу"…Постановление · 26.12.2022 · № 715
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- КР Президентинин 2022-жылдын 1-июлундагы ПЖ № 212 "Кыргыз Республикасынын ишкерлеринин статусун жана беделин жогорулатуу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 01.07.2022 · № 212