# Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 19-майындагы № 97 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 19-майындагы № 97 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 97
- Кабыл алынган күнү: 19.05.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.05.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230026909>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5539/edition/31928/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230026909.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.05.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 19-майындагы № 97 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы (19.05.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230026909

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2025-жылдын 19-майы № 97 Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230026909/st-1)

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 58-берененин 4-бөлүгүндө "он беш жылдан жыйырма жылга чейинки мөөнөткө" деген сөздөр "жыйырма жылдык мөөнөткө" деген сөздөргө алмаштырылсын;

2) 88-берененин 4-бөлүгүнүн 3-пунктунда мамлекеттик тилдеги "белгиленген жаза мөөнөтүнүн жарымынан кем эмес" деген сөздөр "дайындалган жазанын жарымынан кем эмес мөөнөтүн" деген сөздөргө алмаштырылсын;

3) 89-берене төмөнкүдөй мазмундагы 51-пункт менен толукталсын:

"51) баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо үчүн;";

4) 92-беренеде:

а) 5-бөлүгүндө "он беш жылдан жыйырма жылга чейинки мөөнөттө" деген сөздөр "жыйырма жылдык мөөнөткө" деген сөздөргө алмаштырылсын;

б) 6-бөлүгүндө "экстремисттик уюмду түзүү" деген сөздөрдөн кийин ", баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо" деген сөздөр менен толукталсын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230026909/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин. “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 23-майындагы № 37 (3693) саны менен жарыяланды.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров

2025-жылдын 10-апрелинде

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган
