# Карасаев айыл аймагынын айылдык кенешинин 2025-жылдын 30-апрелиндеги № 42 "Мал башына жайыт акысын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Карасаев айыл аймагынын айылдык кенешинин 2025-жылдын 30-апрелиндеги № 42 "Мал башына жайыт акысын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 42
- Кабыл алынган күнү: 30.04.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.04.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230026815>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-41386/edition/31831/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Карасаев айыл аймагынын айылдык кенешинин 2025-жылдын 30-апрелиндеги № 42 "Мал башына жайыт акысын бекитүү жөнүндө" токтому (30.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230026815

---

КАРАСАЕВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2025-жылдын «30»апрели №42

Мал башына жайыт акысын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 10- апрелиндеги №192 « Мамлекеттик токой фондусун пайдалануу жана тейлөө тартибин бекитүү жөнүндө» токтомунун 2-графасынын 46- пунктуна ылайык Карасаев айыл аймагынын айылдык кеӊешинин XXIХ-чакырылышынын кезектеги VII-сессиясы токтом кылат;

1. Карасаев айыл аймагындагы токой чарбасына тиешелүү жайыт жерлерге жана айыл аймагынын айыл өкмөтүнө тиешелүү жайыт жерлерге жылдык жайыт акысы бодо малга 234 ( эки жүз отуз төрт )сом өлчөмүндө белгиленсин.

2. Токой чарбасынын жайыт жерлерине бодо малга 1 башка 134 (бир жүз отуз төрт сом кой-эчкиге 27 ( жыйырма жети ) сом ,айыл аймагынын айыл өкмөтүнө тиешелүү жайыт жерлерге 4-5 ай жайгашкан бодо малга 100(жүз ) сом төлөнсүн.

3. Токой чарбасынын жайыт жерлерине баруучу малчыларга маалым кат Карасаев айыл аймагынын айыл өкмөтү тарабынан берилсин.

4. Токтомду аткаруу жагы Карасаев айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн « Ийгилик» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Д. Н Кыдырмышовко жана Карасаев айыл аймагынын айылдык кенешинин мыйзамдуулукту укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура , курулуш, транспорт,экология ,жер жана айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Карасаев айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Э. А Чоркозовко милдеттендирилсин.

6. Токтомду каттоого алуу жагы Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик

актыларынын реестирине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине жиберилсин.

Төрага Д.Б Солпуев
