# Түп айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 28-февралындагы № 39 "Түп айыл аймагындагы калктын социалдык аярлуу катмарындагы, аз камсыз жана жакыр үй-бүлөөлөрдөгү жашаган балдар үчүн мектепке чейинки билим берүү кызматтарын каржылоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Түп айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 28-февралындагы № 39 "Түп айыл аймагындагы калктын социалдык аярлуу катмарындагы, аз камсыз жана жакыр үй-бүлөөлөрдөгү жашаган балдар үчүн мектепке чейинки билим берүү кызматтарын каржылоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 39
- Кабыл алынган күнү: 28.02.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.02.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230026756>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-41338/edition/31756/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.02.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Түп айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 28-февралындагы № 39 "Түп айыл аймагындагы калктын социалдык аярлуу катмарындагы, аз камсыз жана жакыр үй-бүлөөлөрдөгү жашаган балдар үчүн мектепке чейинки билим берүү кызматтарын каржылоо жөнүндө" токтому (28.02.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230026756

---

ТҮП АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2025-жылдын 28-февралыы №39

Түп айыл аймагындагы калктын социалдык аярлуу катмарындагы, аз камсыз жана жакыр үй-бүлөөлөрдөгү жашаган балдар үчүн мектепке чейинки билим берүү кызматтарын каржылоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» №123 Мыйзамынын 34-беренесинин негизинде, Түп айылдык кеңешинин XXIX-чакырылышынын VI – cессиясы токтом кылат:

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын

18-ноябрындагы №693-токтомунун 6.3-пунктуна ылайык Түп айыл аймагындагы калктын социалдык аярлуу катмарындагы, аз камсыз жана жакыр үй-бүлөөлөрдөгү жашаган ваучер алуучу 4 баланын тамактануусу үчүн акы төлөөгө жеңилдиктерди жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүзөгө ашырылуусуна макулдук берилсин.

Бул токтомду маалымат-массалык каражаттарына жарыялап,

Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин каттоосунан өткөрүү жооптуу катчы Ж.Ишембаевага милдеттендирилсин.

Бул токтомду аткарылышы Түп айыл өкмөтүнүн башчысына,

көзөмөлдөө жагы Түп айылдык кеӊешинин бюджеттик комиссиясына милдеттендирилсин.

Төрага Абдымамбетов А.Б.
