Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин «Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2023-жылдын 27-сентябрындагы № 5-Б Кыргыз Республикасынын Бюджеттик классификациясын бекитүү тууралуу буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИ БУЙРУК
2025-жылдын 18-апрели № 67-Б
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2023-жылдын 27-сентябрындагы № 5-Б Кыргыз Республикасынын Бюджеттик классификациясын бекитүү тууралуу буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы №115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна ылайык буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2023-жылдын 27-сентябрындагы № 5-Б “Кыргыз Республикасынын Бюджеттик классификациясын бекитүү тууралуу” буйругу менен бекитилген Бюджеттик классификацияга төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-главада (Кирешелердин классификациясы):
- төмөнкүдөй мазмундагы саптар менен толукталсын:
“
1114
Бирдиктүү салык төлөмү
11141
Бирдиктүү салык төлөмү
11141100
Бирдиктүү салык төлөмү
”;
- 14153200 элементиндеги сапта “Сымап камтыган калдыктарды кайра иштеп чыгууга” деген сөздөр алып салынсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы саптар менен толукталсын:
“
14224530
Автомобиль жолдорун оңдоого, күтүүгө, курууга жана реконструкциялоого жыйым
14224540
Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча өтүү үчүн жыйым
14224550
Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорундагы жасалма курулмаларда жүрүү үчүн жыйым
1424
Башка иштерден каражаттардын түшүүсү
14241
Өндүрүштүк-чарбалык иштерден түшүүлөр
14241100
Өндүрүштүк иштерден түшүүлөр
14241200
Эс алуу чөйрөсүндөгү иштерден түшүүлөр
14241300
Баалуу металлдар жана асыл таштар мамлекеттик фондунун баалуулуктарын сатуудан алынган түшүүлөр
14241400
Медициналык калдыктарды ташуу жана утилдештирүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр
14241500
Капиталдык салымдарга 2,9 пайызга чейинки өлчөмдө түшүүлөр
14241600
Мамлекеттик материалдык резервдин баалуулуктарын сатуудан алынган түшүүлөр
14241700
Фельдъегердик байланыш кызматтарын көрсөтүүдөн түшүүлөр
14241800
Көмөкчү чарбалардан түшүүлөр
14241900
Өндүрүштүк-чарбалык иштерден башка түшүүлөр
14242
Финансылык иштерден түшүүлөр
14242100
Жайгаштырылган бюджеттик каражаттардан пайыздык кирешелер
14242200
Соттолгондордун эмгек акысынан кармап калуулардан түшүүлөр
14242300
Атайын эсептердин каражаттарынан мурда берилген ссудалар боюнча кайтарылган каражаттардан түшүүлөр
14242400
Кепилдик берүү үчүн комиссия
14242900
Финансылык иштерден башка түшүүлөр
14243
Башка иштерден түшүүлөр
14243100
Келишимдик жумуштардан түшүүлөр
14243200
Окуу жайларына тапшыруудагы, которулуудагы жана кайра калыбына келтирүүдөгү кирешелер, окуу жайларына тапшыруудагы акы
14243300
Жатаканаларда жашоо үчүн түшүүлөр
14243400
Театралдык оюн-зоок жана кино көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр
14243500
Мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарынын ишинен түшүүлөр
14243600
Веб-порталга жазылуудан каражаттардын түшүүсү
14243700
Билим берүү мекемелеринде тамактануу үчүн акы
14243900
Башка иштерден түшүүлөр
14249
Дагы башка түшүүлөр
14249100
Камкорчулук төгүмдөрү
14249200
Мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер тарабынан келишимдик негизде көрсөтүлүүчү ведомстволор аралык кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы
14249300
Жогору турган мекемелерден чегерүүлөр
14249400
Ведомстволук мекемелердин ортосундагы чегерүүлөр
14249500
Төмөн турган мекемелерден чегерүүлөр
14249600
Биргелешкен илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн эл аралык институттардан чегерүүлөр
14249900
Атайын эсептерге чегерилүүчү башка түшүүлөр
14511140
Мамлекеттик каттоо номердик белгилерин сатуудан түшкөн пайданын эсебинен мамлекеттин пайдасына айландырылган кирешелер
”;
- 1-главада (Кирешелердинклассификациясын колдонуу тартиби):
- төмөнкүдөй мазмундагы саптар менен толукталсын:
“1114 Бирдиктүү салык төлөмү; 11141 Салыктарды төлөөнүн жөнөкөйлөштүрүлгөн тартиби; 11141100 Салыктарды төлөөнүн жөнөкөйлөштүрүлгөн тартиби;
- 14224530 автомобиль жолдорун оңдоого, күтүүгө, курууга жана реконструкциялоого жыйымдар - Кыргыз Республикасынын аймагына бензинди, дизельдик отунду жана башкаларды импорттоочу жана/же Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүүчү юридикалык же жеке жактардан алынуучу төгүм эсепке алынат;
- 14224540 жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча өтүү үчүн жыйымдар эсепке алынат;
- 14224550 жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорундагы жасалма курулмалардан өтүү үчүн жыйымдар эсепке алынат;
- 1424 башка иштерден каражаттардын түшүүсү эсепке алынат;
- 14241 өндүрүштүк-чарбалык иштерден түшүүлөр эсепке алынат;
- 14241100 товарларды жана жумуштарды өндүрүү менен байланышкан иштерден алынган кирешелер эсепке алынат;
- 14241200 пансионаттардын, санаториялардын, эс алуу үйлөрүнүн ишинен жана мейманканалык тейлөөдөн алынган кирешелер эсепке алынат;
- 14241300 баалуу металлдарды, асыл таштарды жана Мамлекеттик фонддун башка баалуулуктарын сатуунун натыйжасында түшкөн кирешелер эсепке алынат;
- 14241400 медициналык багыттагы калдыктарды коопсуз алып өтүү жана жок кылуу менен байланышкан иштерди аткаргандыгы үчүн саламаттык сактоо мекемелеринен алынган кирешелер эсепке алынат;
- 14241500 мамлекеттик казыналык милдеттенмелер менен төлөнгөн суу чарба объекттерин курууга капиталдык салымдардын жалпы көлөмүнөн 2,9% өлчөмүндө Дирекцияны күтүүгө түшүүлөр эсепке алынат;
- 14241600 мамлекеттик материалдык резервдин баалуулуктарын сатуудан түшүүлөр, мамлекеттик резервде сакталган товарларды жана ресурстарды сатуунун натыйжасында алынган кирешелерди камтыйт;
- 14241700 буюмдарды, жүктөрдү жана жазуу жүзүндөгү корреспонденцияларды, ошондой эле “Өзгөчө маанилүү”, “Жашыруун”, “Өтө жашыруун” деген гриф менен расмий корреспонденцияларды кабыл алууну, ташууну жана жеткирүүнү жүзөгө ашырган атайын (мамлекеттик же ведомстволук) курьердик байланыштан алынган кирешелер эсепке алынат;
- 14241800 уюм үчүн негизги болуп саналбаган көмөкчү чарбалык иштерди жүргүзүүдөн алынган кирешелер эсепке алынат;
- 14241900 өндүрүштүк-чарбалык иштерден башка түшүүлөр эсепке алынат;
- 14242 финансылык иштерден түшүүлөр эсепке алынат;
- 14242100 мамлекеттик же муниципалдык органдар тарабынан убактылуу бош бюджеттик каражаттарды банктык депозиттерге, облигацияларга же башка финансылык инструменттерге жайгаштыруудан алынган кирешелер эсепке алынат;
- 14242200 мыйзамда каралган аткаруу документтери боюнча соттолгондордун эмгек акысынан, пенсиясынан, жөлөк пулунан жана башка кирешелеринен кармалуучу түшүүлөр эсепке алынат;
- 14242300 атайын эсептерде турган каражаттардын эсебинен берилген мурда алынган зайымдарды зайымчылар тарабынан кайтарып берүүнүн натыйжасында түзүлүүчү акчалай түшүүлөр эсепке алынат;
- 14242400 улуттук экономика субъектиси үчүн кредитордун алдында кабыл алынган милдеттенмелер боюнча кепилдик берүү үчүн бир жолку комиссия алынат;
- 14242900 финансылык иштерден башка түшүүлөр эсепке алынат;
- 14243 башка иштерден, башка түшүүлөр эсепке алынат;
- 14243100 заказчылар менен келишим боюнча иштерди аткарууда алынган кирешелер эсепке алынат;
- 14243200 окуу жайларына тапшыруудагы, которулуудагы жана кайра калыбына келтирүүдөгү акча каражаттары, окуу жайларына тапшыруудагы акы эсепке алынат;
- 14243300 окуу жайына таандык жатаканада жашагандыгы үчүн студенттерден, кызматкерлерден же башка адамдардан алынган акча каражаттары эсепке алынат;
- 14243400 театралдык, концерттик, цирк, оюн-зоок иш-чараларын өткөрүүдөн, ошондой эле кино жана мультфильмдерди көрсөтүүдөн алынган кирешелер эсепке алынат;
- 14243500 мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарынын (телекөрсөтүү, радио, гезиттер, интернет-басылмалар) ишинен түшкөн кирешелер эсепке алынат;
- 14243600 контентке, кызмат көрсөтүүлөргө же функцияларга жетүү үчүн жазылууга акы төлөгөн веб-сайттын же онлайн платформанын колдонуучуларынан алынган кирешелер эсепке алынат;
- 14243700 бала бакчаларда, мектептерде жана башка билим берүү мекемелеринде окуучулардын тамактануусу үчүн төлөнүүчү акча каражаттары эсепке алынат;
- 14243900 башка каражаттардын түшүүлөрү эсепке алынат;
- 14249 дагы башка түшүүлөр эсепке алынат;
- 14249100 жеке же юридикалык жактар (камкорчулар) тарабынан уюмга, мекемеге же долбоорго аларды колдоо жана өнүктүрүү максатында жасалган ыктыярдуу финансылык төгүмдөр эске алынат;
- 14249200 түзүлгөн келишимдердин негизинде башка мамлекеттик же муниципалдык органдарга кызмат көрсөткөндүгү үчүн мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин алган кирешелери эсепке алынат. Мындай кызмат көрсөтүүлөр акы төлөө негизинде, ошондой эле мамлекеттик же муниципалдык милдеттенмелерди аткаруунун алкагында көрсөтүлүшү мүмкүн;
- 14249300 мамлекеттик органдардын деңгээлдеринин ортосундагы финансылык өз ара мамилелерди жөнгө салуучу жана ченемдик-укуктук актыларга ылайык белгиленген жогору турган мекемелердин чегерүүлөрү эсепке алынат;
- 14249400 ченемдик укуктук актыларга ылайык белгиленген жана мамлекеттик органдардын деңгээлдеринин ортосундагы финансылык өз ара мамилелерди жөнгө салуучу уюмдардын ортосундагы чегерүүлөр эсепке алынат;
- 14249500 ченемдик укуктук актыларга ылайык белгиленген жана мамлекеттик органдардын деңгээлдеринин ортосундагы финансылык өз ара мамилелерди жөнгө салуучу төмөн турган мекемелердин чегерүүлөрү эсепке алынат;
- 14249600 биргелешкен илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн эл аралык институттардан чегерүүлөр эсепке алынат, алар түзүлгөн келишимге/макулдашууга ылайык акысыз жана кайтарымсыз негизде берилет;
- 14249900 атайын эсептерге чегерилүүчү башка түшүүлөр эсепке алынат;
- 14511140 автотранспорт каражаттарына өзгөчө цифралардын жана/же тамгалардын айкалышы бар мамлекеттик каттоо номерлерин сатуудан түшкөн пайданын эсебинен мамлекеттин пайдасына айлантылган кирешелер эсепке алынат”;
- 14153200 элементинин сабында аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Товарларды пайдалануудан келип чыккан таштандыларды кайра иштетүү ченемдерин аткарууну камсыз кылууга жыйымдар эсепке алынат”;
- 14224510 элементинин сабындагы “жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча өтүү үчүн жыйымдар, автомобилдик жасалма курулмалар боюнча жүрүү үчүн жыйымдар, автомобиль жолдору боюнча өтүү” деген сөздөр алып салынсын;
2) 2-главада (Чыгашалардын экономикалык классификациясы):
- 22192200 элементиндеги сапта “талондор” деген сөз алып салынсын;
- 2-главада (Чыгашалардын экономикалык классификациясын колдонуу тартиби):
- 22192200 элементиндеги сапта “талондор” деген сөз алып салынсын;
3) 5-главада (Ведомстволук классификация):
- төмөнкүдөй мазмундагы саптар менен толукталсын:
“
15220
Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу “Кызмат” мамлекеттик мекемеси
26840
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ("Укук бузуулардын бирдиктүү реестри" автоматташтырылган маалыматтык системасын жана “Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашырууну каржылоо)
41230
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын Суу чарбасынын объкттерин куруу боюнча дирекциясы
”.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгы:
1) ушул буйрукту катталган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде “Эркин-Тоо” гезитине жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий сайтына мамлекеттик жана расмий тилдерде жарыяласын;
2) ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде эки нускадагы көчүрмөлөрүн мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук түрдө, аны жарыялоонун булактары жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жиберсин;
3) ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсүн эки нускада, мамлекеттик жана расмий тилдерде Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жиберсин.
3. Ушул буйрук расмий жарыяланууга тийиш жана 2025-жылдын 1-июнунан тартып күчүнө кирет.
4. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына өзүнүн чечимдерин ушул буйрукка ылайык келтирүү сунушталсын.
5. Иш кагаздарын жүргүзүү жана аткарууну контролдоо бөлүмү ушул буйрукту министрликтин түзүмдүк, ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнө билдирсин.
6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо министрдин орун басары – Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын директору У.М. Аманбаевге жүктөлсүн.
Министр А.К. Бакетаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик…Постановление · 03.03.2023 · № 115
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2023-жылдын 27-сентябрындагы № 5-Б "Кыргыз Республикасынын Бюджеттик классификациясын бекитүү тууралуу" буйругуПриказ · 27.09.2023 · № 5-П