# Баш-Дөбө айылдык кеңешинин 2025-жылдын 27-марты № 4/3 "2025-жылдын бюджетинин киреше салыгынын 30 пайызын Өзгөн ройондук өнүктүрүү фондунун эсебине которууга макулдук берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Баш-Дөбө айылдык кеңешинин 2025-жылдын 27-марты № 4/3 "2025-жылдын бюджетинин киреше салыгынын 30 пайызын Өзгөн ройондук өнүктүрүү фондунун эсебине которууга макулдук берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 4/3
- Кабыл алынган күнү: 27.03.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.03.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230026693>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-41301/edition/31710/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.03.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Баш-Дөбө айылдык кеңешинин 2025-жылдын 27-марты № 4/3 "2025-жылдын бюджетинин киреше салыгынын 30 пайызын Өзгөн ройондук өнүктүрүү фондунун эсебине которууга макулдук берүү жөнүндө" токтому (27.03.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230026693

---

БАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Баш-Дөбө айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын IV-кезексиз сессиясы

2025-жылдын 27-марты № 4/3

2025-жылдын бюджетинин киреше салыгынын 30 пайызын Өзгөн ройондук өнүктүрүү фондунун эсебине которууга макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 15-ноябрындагы №326 “Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун райондук/региондук бөлүмдөрүн жана өкүлчүлүктөрүн пилоттук жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын убактылуу жетектөөсүнө өткөрүп берүү боюнча пилоттук долбоор жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-декабрындагы №821 токтомунун 13-пунктуна ылайык Баш-Дөбө айылдык кеңеши токтом кылат

1.Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 15-ноябрындагы №326“Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун райондук/региондук бөлүмдөрүн жана өкүлчүлүктөрүн пилоттук жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын убактылуу жетектөөсүнө өткөрүп берүү боюнча пилоттук долбоор жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-декабрындагы №821 токтомунун 13-пунктуна ылайык Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын бюджетинин киреше бөлүгүндө болжолдонгон (пландаштырылган) 4131,9 мин сом киреше салыгынын 30 пайызын түзгөн 1239,5 миң сомду Өзгөн райондук өнүктүрүү фондунун эсебине которууга жана ушул каражаттарды жергиликтүү коомдоштуктун демилгелерин колдоо үчүн мамлекеттик субсидия катары пайдаланууга макулдук берилсин.

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Финансы-экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдоо багыттары жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

М.Тагайкулов
