# 9-берене. Ушул Мыйзамды бузгандык үчүн жоопкерчилик

- Документ: [Кыргыз Республикасынын улуттук валютасындагы эсептешүүлөр жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230026663)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 29-апрелиндеги № 91 "Кыргыз Республикасынын улуттук валютасындагы эсептешүүлөр жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 91
- Кабыл алынган күнү: 29.04.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.04.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230026663/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5537/edition/31685/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230026663/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын улуттук валютасындагы эсептешүүлөр жөнүндө, 9-берене (29.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230026663/st-9

---

1. Ушул Мыйзамды бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик келип чыгат.

2. Банктык төлөм карталарын, электрондук акчаларды жана улуттук стандарттын QR-кодун колдонуу менен улуттук валютада төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн багытталган жабдууну жана/же технологияларды (программалык-техникалык түзүлүштү) колдонуудан баш тарткан учурда, юридикалык жактар жана жеке ишкерлер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.

3. Товарларга, жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө улуттук валютадагы баалар (тарифтер) жөнүндө керектөөчүлөр үчүн маалыматтын жоктугу, ошондой эле улуттук валютаны кабыл алуудан баш тартуу Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет.

---

Мурунку берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230026663/st-8)  
Кийинки берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230026663/st-10)
