# 6-берене. Укуктарды камсыз кылуунун кепилдиктери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын улуттук валютасындагы эсептешүүлөр жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230026663)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 29-апрелиндеги № 91 "Кыргыз Республикасынын улуттук валютасындагы эсептешүүлөр жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 91
- Кабыл алынган күнү: 29.04.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.04.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230026663/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5537/edition/31685/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230026663/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын улуттук валютасындагы эсептешүүлөр жөнүндө, 6-берене (29.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230026663/st-6

---

1. Улуттук валютада накталай эмес формада сатып алуу-сатуу боюнча ушул Мыйзамдын 4-беренесинде көрсөтүлгөн бүтүмдөр тараптардын өз ара макулдугу боюнча ушул Мыйзамдын 3-беренесинде көрсөтүлгөн жактарга банк тарабынан ачылган банктагы атайын эсепти пайдалануу менен жүргүзүлүшү мүмкүн.

2. Атайын эсеп Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык белгилүү бир жагдайлар келип чыкканга же келишимде каралган белгилүү бир милдеттенмелерди аткарганга чейин акча каражаттарын эсепке алуу жана бөгөт коюу үчүн багытталган.

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230026663/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230026663/st-7)
