# 5-берене. Улуттук валютада накталай эмес акча жүгүртүүнүн инфратүзүмүн уюштуруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын улуттук валютасындагы эсептешүүлөр жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230026663)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 29-апрелиндеги № 91 "Кыргыз Республикасынын улуттук валютасындагы эсептешүүлөр жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 91
- Кабыл алынган күнү: 29.04.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.04.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230026663/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5537/edition/31685/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230026663/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын улуттук валютасындагы эсептешүүлөр жөнүндө, 5-берене (29.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230026663/st-5

---

1. Товарлар, жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү улуттук валютада накталай эмес формада кабыл алуу инфратүзүмүн уюштуруу үчүн керектөөчүлөргө мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды акы төлөнүүчү негизде көрсөтүүчү мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер, ошондой эле соода жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иш жүргүзгөн соода-сервистик ишканалар, жеке ишкерлер жана юридикалык жактар банктык төлөм карталарын, электрондук акчаларды жана улуттук стандарттын QR-кодун пайдалануу менен төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн багытталган жабдуунун жана/же технологиялардын (программалык-техникалык түзүлүштүн) болуусун жана орнотулуусун, ошондой эле колдонулуусун камсыз кылышат.

2. Товарлар, жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн жабдуулар жана/же технологиялар (программалык-техникалык түзүлүш) аркылуу төлөөдө банктар, төлөм уюмдары тарабынан колдонуудагы төлөм системалары менен системалар аралык интеграция, башкача айтканда, төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүү учүн башка төлөм системалары менен өз ара аракеттенүү жана иштөө мүмкүнчүлүгү камсыз кылынууга тийиш.

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230026663/st-4)  
Кийинки берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230026663/st-6)
