# 4-берене. Накталай жана накталай эмес эсептешүүлөр

- Документ: [Кыргыз Республикасынын улуттук валютасындагы эсептешүүлөр жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230026663)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 29-апрелиндеги № 91 "Кыргыз Республикасынын улуттук валютасындагы эсептешүүлөр жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 91
- Кабыл алынган күнү: 29.04.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.04.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230026663/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5537/edition/31685/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230026663/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын улуттук валютасындагы эсептешүүлөр жөнүндө, 4-берене (29.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230026663/st-4

---

1. Кыргыз Республикасынын аймагында улуттук валютада накталай жана накталай эмес эсептешүүлөр ушул Мыйзамда белгиленген өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.

2. Кыргыз Республикасынын аймагында ушул Мыйзамдын 3-беренесинде көрсөтүлгөн жактардын ортосундагы мамлекеттик каттоо органында укуктар милдеттүү түрдө мамлекеттик каттоодон өткөрүлүүгө тийиш болгон кыймылсыз мүлктү, кыймылдуу мүлктү (автомототранспортту) сатып алуу-сатуу бүтүмдөрү боюнча эсептешүүлөр жана төлөмдөр улуттук валютада гана жүргүзүлөт. Товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү бааларын чет өлкөлүк валютада көрсөтүү менен жарнамалоого тыюу салынат.

---

Мурунку берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230026663/st-3)  
Кийинки берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230026663/st-5)
