Бишкек шаардык кеңешинин «Бишкек» эркин экономикалык аймагынын отканасын муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 27-марты № 22
"Бишкек" эркин экономикалык аймагынын отканасын муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 3-апрелиндеги № 89 ПЖ "Отун-энергетикалык комплексинин айрым маселелери жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу, жергиликтүү маанидеги маселелерди натыйжалуу чечүү максатында, "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-, 39-беренелерине ылайык Бишкек шаардык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек шаары, Ч.Айтматов проспектиси, 303/6 "а" дареги боюнча жайгашкан жалпы аянты 1024,6 чарчы метр "Бишкек" эркин экономикалык аймагынын отканасын жалпы аянты 0,39 га жер участогу менен муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берилсин.
2. Бишкек шаарынын мэриясы ушул токтомдон келип чыккан зарыл чараларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген тартипте көрсүн.
3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине (Джунушалиев А.Дж.) жүктөлсүн.
Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы
Б.Усеналиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 3-апрелиндеги ПЖ № 89 "Отун-энергетикалык комплексинин айрым маселелери жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 03.04.2024 · № 89
- Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөЗакон · 15.03.2002 · № 37