Бишкек шаардык кеңешинин «Бишкек жылуулук электр борбору» муниципалдык ишканасына республикалык бюджеттен бюджеттик кредит алууга макулдук берүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 27-марты № 21
"Бишкек жылуулук электр борбору" муниципалдык ишканасына республикалык бюджеттен бюджеттик кредит алууга макулдук берүү жөнүндө
"Бишкек жылуулук электр борбору" муниципалдык ишканасына 2024-2025-жылдардын күз-кыш мезгилинде Бишкек шаарынын керектөөчүлөрүн жылуулук жана электр энергиясы менен туруктуу үзгүлтүксүз жабдууну даярдоодо жана камсыз кылууда мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, "Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 27-, 34- жана 39-беренелерине, "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесине, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 31- жана 78-беренелерине ылайык, Бишкек шаардык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Бишкек жылуулук электр борбору" муниципалдык ишканасына төмөнкүлөргө макулдук берилсин:
- контрагенттер менен кредиттик карыздар боюнча эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн республикалык бюджеттен 1000000000,0 (бир миллиард) сом суммасында бюджеттик кредит алууга;
- республикалык бюджеттен бюджеттик кредит алуу үчүн "Бишкек жылуулук электр борбору" муниципалдык ишканасынын мүлкүн күрөө катары коюуга.
2. "Бишкек жылуулук электр борбору" муниципалдык ишканасы белгиленген тартипте:
- республикалык бюджеттен бюджеттик кредитти тартууга кредиттик келишимге жана тийиштүү карыздык милдеттенмеге кол коюу жол-жобосун жүргүзсүн;
- ишкананын финансылык-чарбалык иш-аракеттеринин эсебинен бюджеттик кредитти жана пайыздарды төлөөнү жүргүзсүн.
3. Бишкек шаарынын мэриясы:
- "Бишкек жылуулук электр борбору" муниципалдык ишканасынын балансында турган мүлк менен жогоруда көрсөтүлгөн бюджеттик кредитти күрөөлүк камсыздоо үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бардык тийиштүү иш-чараларды жүргүзсүн;
- Бишкек шаарынын мэриясынын "Бишкек жылуулук электр борбору" муниципалдык ишканасы тарабынан ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн республикалык бюджеттен бюджеттик кредиттин максаттуу пайдаланылышын жана өз убагында кайтарылышын контролдоону камсыздасын.
4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин экономика, бюджет, финансы жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясына, муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине (А.Дж.Джунушалиев) жүктөлсүн.
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы
Б.Усеналиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексиКодекс · 16.05.2016 · № 59
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123
- Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөЗакон · 15.03.2002 · № 37