# Токмок шаардык кеңешинин 2025-жылдын 9-апрели №48/7-6 "Токмок шаарынын С.Ибраимов көчөсүндөгү “Булак” соода базарынын аймагында жайгашкан муниципалдык жеңил тибиндеги соода объектилерине ишкерлер менен ижара келишимдерин түзүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Токмок шаардык кеңешинин 2025-жылдын 9-апрели №48/7-6 "Токмок шаарынын С.Ибраимов көчөсүндөгү “Булак” соода базарынын аймагында жайгашкан муниципалдык жеңил тибиндеги соода объектилерине ишкерлер менен ижара келишимдерин түзүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 48/7-6
- Кабыл алынган күнү: 09.04.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.04.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230026652>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-41273/edition/31671/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230026652.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Токмок шаардык кеңешинин 2025-жылдын 9-апрели №48/7-6 "Токмок шаарынын С.Ибраимов көчөсүндөгү “Булак” соода базарынын аймагында жайгашкан муниципалдык жеңил тибиндеги соода объектилерине ишкерлер менен ижара келишимдерин түзүү жөнүндө" токтому (09.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230026652

---

ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН VII КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫ

2025-жылдын 9-апрели №48/7-6

Токмок шаарынын С.Ибраимов көчөсүндөгү “Булак” соода базарынын аймагында жайгашкан муниципалдык жеңил тибиндеги соода объектилерине ишкерлер менен ижара келишимдерин түзүү жөнүндө Токмок шаардык кеӊешинин Убактылуу депутаттык комиссиясынын 2025‑жылдын 8-апрелиндеги №3 чечиминин, Токмок шаарынын борбордук базарынын ишкерлеринин 2025-жылдын 3-мартындагы кириш №01-11/5 арызынын жана Токмок шаардык кеңешинин Ишкердикти, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча, муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча комиссиясынын 2025‑жылдын 8-апрелиндеги отурумунун №9 протоколунун негизинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 39‑беренесин, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамынын 10-беренесин, Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Токмок шаарынын мэриясы:

-Токмок шаарынын С.Ибраимов көчөсүндөгү “Булак” соода базарынын аймагында жайгашкан 60 муниципалдык жеңил тибиндеги соода объектилерине (павильондорго) бирдиктүү ижара акысын айына 20 000 (жыйырма миң) сом өлчөмүндө белгилесин;

- кийин ушул токтомдун биринчи абзацында көрсөтүлгөн коммерциялык объекттерди жарандардын жазуу жүзүндөгү арызы боюнча аукцион өткөрбөстөн ижарага берсин;

- Токмок шаарынын С.Ибраимов көчөсүндө, “Булак” соода базарынын аймагында жайгашкан жеңил тибиндеги бош турган муниципалдык соода объектилерин (павильондорун) төмөнкү ишкерлер менен ижарага берүү келишимдерин түзсүн:

1.

Жантикеева Тынымбубу

№ 1

2.

Кусаинов Бейшенбек Таалайбекович

№ 2

3.

Конкош кызы Асель

№ 3

4.

Багазиев Темир Кубанычбекович

№ 4

5.

Асанкожоева Айгуль Ийгиликовна

№ 5

6.

Куралиева Нурдай Султаналиевна

№ 6

7.

Толобердиев Улан

№ 7

8.

Салиева Зарима Муратбековна

№ 9

9.

Кулакеева Айгерим Султанбековна

№ 10

10.

Жунушалиева Фарида

№ 12

11.

Дуйшебаева Айжамал

№ 15

12.

Кенжебаева Дильбар

№ 18

13.

Арипов Арлен

№ 22

14.

Жантыкеева Гаухар Таалайбековна

№ 23

15.

Токтоболотов Улукбек Мурадилович

№ 24

16.

Бекбосунова Жыргал Таштанбековна

№ 26

17.

Шаршенов Нуржигит Медербекович

№ 28

18.

Шаршенов Медербек Таштанбекович

№ 30

19.

Токтобеков Муканбет Тургунбаевич

№ 32

20.

Шаилдаев Максат

№ 33

21.

Отегенова Сауле Мурадиловна

№ 35

22.

Мыктыбекова Адель Ренатовна

№ 36

23.

Бейшеева Нуриса

№ 38

24.

Омурзаков Рустам Кадырбекович

№ 40

25.

Сыдыков Кадырбек Бакасович

№ 41

26.

Аширбаев Муса Карачович

№ 46

27.

Шамшиев Кымбатбек

№ 49

28.

Сарымсаков Темирлан Анайсранович

№ 51

29.

Ашырбеков Азамат Ашырбекович

№ 55

30.

Усенбаев Арген Жумабекович

№ 56

31.

Дуйшобаева Гульбурак

№ 57

- жогоруда аталган 31 (отуз бир) ижарачынын Токмок шаарынын Муниципалдык менчик башкармалыгына дебитордук карызын төлөө графигин иштеп чыксын;

- 20 000 (жыйырма миң) сомдон төмөн болгон мурда түзүлгөн ижара келишиминин мөөнөтү аяктагандан кийин, Токмок шаарынын С.Ибраимов көчөсүндөгү, “Булак” соода базарынын аймагында жайгашкан жеңил тибиндеги соода объектилерин (павильондорун) ижарага алуучулар менен айына 20 000 (жыйырма миң) сом бирдиктүү ижара акысы менен ижара келишимдерин түзсүн.

2. Бул токтом Токмок шаардык кеңешинин сайтына жарыялансын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Токмок шаардык кеңешинин ишкердикти, орто жана кичи бизнести өнүктүрүү боюнча, муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

Ч.К. Исаев
