# Бишкек шаардык кеңешинин 2025-жылдын 27-мартындагы № 20 "Турак эмес жайды жер участогу менен мамлекеттин менчигине акысыз ажыратууга макулдук берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Бишкек шаардык кеңешинин 2025-жылдын 27-мартындагы № 20 "Турак эмес жайды жер участогу менен мамлекеттин менчигине акысыз ажыратууга макулдук берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 20
- Кабыл алынган күнү: 27.03.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.03.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230026646>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-41270/edition/31668/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230026646.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.03.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бишкек шаардык кеңешинин 2025-жылдын 27-мартындагы № 20 "Турак эмес жайды жер участогу менен мамлекеттин менчигине акысыз ажыратууга макулдук берүү жөнүндө" токтому (27.03.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230026646

---

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 27-марты № 20

Турак эмес жайды жер участогу менен мамлекеттин менчигине акысыз ажыратууга макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 30-январындагы ПЖ № 10 "Мамлекеттик турак жай саясаты чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн турак жай менен камсыз кылуу жана турак жай куруу механизмдерин андан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 17-июлундагы ПЖ № 191 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын "Менин үйүм" мамлекеттик турак жай программасын ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүү, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-апрелиндеги № 126-т тескемесин аткаруу максатында, "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-, 39-беренелерине, "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-, 11-, 19-беренелерине ылайык Бишкек шаардык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаары, Лев Толстой көчөсү, 66 дарегинде жайгашкан, идентификациялык коду 1-02-02-0024-0060, жалпы аянты 576,7 чарчы метр, баланстык наркы 561700 (беш жүз алтымыш бир миң) сом, калдык наркы 32868 (отуз эки миң сегиз жүз алтымыш сегиз) сом турак эмес жайды жалпы аянты 0,275 га жер участогу менен ипотекалык турак жай куруу үчүн мамлекеттин менчигине акысыз ажыратууга макулдук берилсин.

2. Бишкек шаарынын мэриясы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул токтомдон келип чыккан зарыл чараларды көрсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине (Джунушалиев А.Дж.) жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы

Б.Усеналиев
