Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмунун типтүү уставы (КР Министрлер Кабинетинин токтомуна)
Тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-апрелиндеги № 230 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмунун ТИПТҮҮ УСТАВЫ
1-глава. Жалпы жоболор жана укуктук статус
1. Жалпы билим берүү уюмунун типтүү уставы Кыргыз Республикасынын билим берүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан жана жалпы билим берүү уюмунун негизги максаттарын жана милдеттерин, укуктук жобосун аныктайт, билим берүү процессинин катышуучуларынын башкаруу түзүмүн, ыйгарым укуктарын, укуктарын жана милдеттерин белгилейт.
2. Жалпы билим берүү уюмунун ушул типтүү уставы мамлекеттик/муниципалдык менчик формасындагы жалпы билим берүү уюмдары үчүн типтүү жана жеке менчик формасындагы жалпы билим берүү уюмдары үчүн үлгү болуп саналат.
3. Жалпы билим берүү уюмдарына Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-августундагы № 519 "Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын айрым маселелери жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдары жөнүндө типтүү жобого (мындан ары - Типтүү жобо) ылайык төмөнкүлөр кирет: жалпы билим берүү мектеби, мектеп-комплекс, мектеп-интернат, атайын мектеп, атайын мектеп-интернат, атайын жардамчы мектеп, атайын жардамчы мектеп-интернат, санаториялык мектеп-интернат, кечки мектеп (кечки жана нөөмөттүү), сырттан окуу мектеби, онлайн-мектеп, аз комплекттелген мектеп.
4. Мамлекеттик жана муниципалдык менчик формасындагы жалпы билим берүү уюму мекеменин уюштуруу-укуктук формасында коммерциялык эмес уюм болуп саналат. Жалпы билим берүү уюмунун ишинин мөөнөтү чектелген эмес.
5. Мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын уюштуруучулары болуп мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары саналат.
6. Жалпы билим берүү уюму Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык юридикалык жак болуп саналат жана өзүнүн атынан мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес укуктарды алууга жана милдеттерди аткарууга, келишимдерди түзүүгө, сотто доогер жана жоопкер болууга, оперативдүү башкаруу укугунда обочолонгон мүлккө ээ болууга, негизги жана жүгүртүү каражаттары, өзүнүн балансы, банктарда алыш-бериш жана башка эсептери, аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган мөөрү, штампы жана бланктары болууга укуктуу.
7. Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарынын ченемдерине ылайык жалпы билим берүү уюму обочолонгон мүлктү бөлүп берүү менен юридикалык жактын же филиалдын статусу бар түзүмдүк бөлүмдөрдү түзүүгө укуктуу.
8. Жалпы билим берүү уюмунун уставы төмөнкүдөй главалардан турат:
1) жалпы жоболор жана укуктук статус;
2) негизги максаттар жана иштин предмети;
3) башкаруу жана тең башкаруу органдары;
4) билим берүү процессинин катышуучуларынын укуктары жана милдеттери;
5) мүлк жана финансы-чарбалык иш;
6) эсепке алуу, отчеттуулук жана аудит;
7) кайра уюштуруу жана жоюу тартиби;
8) корутунду жоболор.
9. Жалпы билим берүү уюмунун уставы Типтүү жобонун жана билим берүү уюмдарынын ишин регламенттеген билим берүү жаатындагы башка ченемдик укуктук актылардын ченемдерин жана жоболорун камтууга тийиш.
10. Жалпы билим берүү уюмунун уставында милдеттүү түрдө мамлекеттик жана расмий тилдерде толук жана кыскартылган фирмалык аталышы, юридикалык дареги (жайгашкан жери), уюштуруучу/лары (толук фирмалык аталышы, реквизиттери жана юридикалык дареги) көрсөтүлүүгө тийиш. Жалпы билим берүү уюмунда юридикалык жактын статусу бар түзүмдүк бөлүм же филиал болсо Уставда анын дареги кошумча көрсөтүлөт.
11. Жалпы билим берүү уюму Уставды Кыргыз Республикасынын билим берүү жаатындагы мыйзамдарына жана ушул Типтүү уставга ылайык өз алдынча иштеп чыгат.
2-глава. Негизги максаттар жана иштин предмети
12. Жалпы билим берүү уюмунун негизги максаттары болуп мамлекеттик билим берүү стандарттарын өздөштүрүүнүн жана турмуштук компетенцияларга жетишүүнүн негизинде окуучулардын жалпы инсандык маданиятын калыптандыруу, кесиптик билим берүү программаларын аң-сезимдүү тандоо жана андан ары өздөштүрүү үчүн негиздерди түзүү, жарандуулукка, Ата-Мекенди, адам укуктарын жана эркиндиктерин, үй-бүлөнү жана курчап турган жаратылышты сүйүүгө, толеранттуулукка, эмгекти сүйүүгө тарбиялоо, ошондой эле сергек жашоо образын калыптандыруу саналат.
13. Жалпы билим берүү уюму инсандын, коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыгында окуучуларды окутууну жана тарбиялоону жүзөгө ашырат жана инсандын ден соолугун коргоону жана ар тараптуу өнүгүүсү, анын ичинде өз алдынча билим алууга жана кошумча билим алууга болгон керектөөлөрдү канааттандыруу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнү камсыз кылат.
14. Жалпы билим берүү уюмунун уставында иштин негизги жана кошумча түрлөрү көрсөтүлөт.
15. Иштин негизги түрлөрүнө төмөнкүлөр кирет:
1) башталгыч жалпы билим берүү;
2) негизги жалпы билим берүү;
3) орто жалпы билим берүү.
16. Иштин кошумча түрлөрүнө төмөнкүлөр кирет:
1) кошумча акы төлөнүүчү билим берүү кызматтарын көрсөтүү;
2) окуучуларга кам көрүү жана көзөмөлдү камсыздоо (жайкы лагерлер);
3) Кыргыз Республикасынын билим берүү жаатындагы мыйзамдарына ылайык иштин башка түрлөрү.
Кошумча билим берүү кызматтары жалпы билим берүү уюму менен окуучунун ата-энелеринин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде окуучунун жана алардын ата-энелеринин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) макулдугу менен көрсөтүлөт. Кошумча билим берүү кызматтарын көрсөтүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
17. Жалпы билим берүү уюмунун уставында кошумча төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) билим берүү процессин уюштуруу тартиби;
2) билим берүү программаларын өздөштүрүүнүн формалары жана окутуунун тили;
3) окуучуну жалпы билим берүү уюмуна кабыл алууда зарыл болгон документтердин тизмеси, окуучуну кабыл алуу жана которуу/окуудан чыгаруу эрежелери;
4) каникулдук күндөрдү көрсөтүү менен сабактын, окуу жумасынын жана окуу жылынын узактыгы.
18. Модификацияланган жана/же адаптацияланган жалпы билим берүү программалары боюнча билим берүү ишин жүзөгө ашыруучу атайын жалпы билим берүү уюмдарынын уставында иштин негизги жана кошумча түрлөрүнө кирбеген иштин өзгөчө түрлөрү (реабилитациялоо, абилитациялоо, өнүктүрүү, коррекциялоо ж.б.) кошумча көрсөтүлөт.
19. Мектеп-интернаттын уставында жашоо үчүн шарттардын болушу, жооптуу адамды аныктоо жана анын функционалдык милдеттерин белгилөө менен чектелген кубаттуулугу (койка-орун) кошумча көрсөтүлөт.
3-глава. Башкаруу жана тең башкаруу органдары
20. Жалпы билим берүү уюмунун жогорку башкаруу органы болуп уюштуруучу, эки же андан көп уюштуруучу болгон учурда - уюштуруучулардын жалпы чогулушу (мындан ары - уюштуруучу/лар) саналат.
21. Уюштуруучунун/лардын ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет:
1) уставды бекитүү, ага өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү;
2) жалпы билим берүү уюмунун ишинин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо;
3) жоюу жана/же кайра уюштуруу жөнүндө чечим;
4) филиалдарды, түзүмдүк бөлүмдөрдү түзүү жана жоюу жөнүндө чечим;
5) башкаруунун жана тең башкаруунун башка органдарынын компетенциясына кирбеген иштин башка маселелерин чечүү.
22. Жалпы билим берүү уюмуна түздөн-түз жетекчиликти директор жүзөгө ашырат.
Мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмунун директору конкурстук тандоонун жыйынтыгы боюнча 5 жылдык мөөнөткө дайындалат. Жалпы билим берүү уюмунун директорун которуу жана кызмат ордунан бошотуу Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт. Директор жок болгон мезгилде анын милдеттери директордун окуу-тарбия иштери боюнча орун басарына жүктөлөт. Директордун окуу-тарбия иштери боюнча орун басары жок болгон учурда - жалпы билим берүү уюмунун педагогикалык курамынын мүчөлөрүнүн бирине жүктөлөт.
23. Жалпы билим берүү уюмунун директору окуучулардын ата-энелеринин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн), мамлекеттин жана коомдун алдында кызматтык милдеттерине, эмгек келишимине жана жалпы билим берүү уюмунун уставына ылайык жалпы билим берүү уюмунун ишинин натыйжасы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
Директор ошондой эле жеке жана юридикалык жактарга жайларды, жабдууларды жана шаймандарды пайдаланууга мыйзамсыз бергендиги үчүн, ошондой эле жалпы билим берүү уюмунун мүлкүн ижарага берүүдөн түшкөн каражаттарды максатсыз пайдалангандыгы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
24. Жалпы билим берүү уюмунун уставында Типтүү жободо белгиленген директордун ыйгарым укуктары көрсөтүлөт.
25. Жалпы билим берүү уюмунун тең башкаруу органдары болуп төмөнкүлөр саналат: кызматкерлердин жалпы чогулушу, көзөмөлчүлүк, педагогикалык жана методикалык кеңештер, ата-энелер комитети жана окуучулардын өзүн-өзү башкаруусу.
26. Кызматкерлердин жалпы чогулушунун (мындан ары - жалпы чогулуш) курамына жалпы билим берүү уюмунун бардык кызматкерлери же негизги иштеген жеринде иштеген кызматкерлер гана кирет. Жалпы чогулуш директордун, педагогикалык кеңештин, тең башкаруунун башка органдарынын демилгеси боюнча же жалпы чогулуштун мүчөлөрүнүн кеминде төрттөн биринин демилгеси боюнча зарылдыгына жараша, бирок жылына 1 жолудан кем эмес чакырылат.
27. Кызматкерлердин жалпы чогулушунун ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет:
1) жалпы билим берүү уюмунун ишинин негизги багыттарын, аны өнүктүрүүнүн келечегин аныктоо;
2) Ички эмгек тартибинин эрежелерин бекитүү;
3) жалпы билим берүү уюмунун кызматкерлери менен эмгек мамилелерин жөнгө салуучу локалдык актыларды кабыл алуу (эмгекти коргоо жөнүндө жана этика боюнча комиссия жөнүндө жобо);
4) кызматкерлерди жана окуучуларды сыйлоо (материалдык эмес мүнөздөгү), кызматкерлерди социалдык колдоо чараларын кароо;
5) кызматкерлердин ишинин натыйжалуулугунун критерийлерин жана көрсөткүчтөрүн аныктоо;
6) кызматкерлердин эмгегин уюштуруу жана кесиптик өркүндөтүү үчүн оптималдуу шарттарды түзүүгө көмөктөшүү;
7) жалпы билим берүү уюмунун ишин өнүктүрүү боюнча демилгелерди колдоо;
8) жалпы билим берүү уюмунун уюштуруучусу жана/же администрациясы тарабынан аныкталуучу башка ыйгарым укуктар.
28. Жалпы билим берүү уюмунун уставында жалпы чогулуштун ыйгарым укуктарынын мөөнөтү, түзүмү жана анын иштөө тартиби кошумча көрсөтүлөт.
29. Көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын, жалпы билим берүү уюмунун ишинин ачыктыгын, ошондой эле бюджеттен тышкаркы каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатууга көмөк көрсөтүү максатында камкорчулук кеңеши түзүлөт.
Камкорчулук кеңешинин ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет:
1) жалпы билим берүү уюмун өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгууга жана кабыл алууга, ошондой эле билим берүүнүн сапатын жогорулатууга көмөктөшүү;
2) жалпы билим берүү уюмун өнүктүрүүгө гуманитардык жардамды (инвесторлорду, меценаттарды) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген каржылоонун башка булактарын тартуу;
3) жалпы билим берүү уюму үчүн тартылган, бюджеттен тышкаркы каражаттардын чыгымдарынын сметасынын аткарылышын көзөмөлдөөнү жүзөгө ашыруу;
4) жалпы билим берүү уюмунун учурдагы жана келечектүү милдеттерин чечүүгө, өнүгүүсүнө жана натыйжалуу иштешине көмөктөшүү.
Камкорчулук кеңештери жеке жана юридикалык жактардын ыктыярдуу төгүмдөрүнөн жана кайрымдуулуктарынан, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка түшүүлөрдөн түзүлгөн финансылык жана башка материалдык каражаттарды ыктыярдуу негизде тарта алат.
30. Жалпы билим берүү уюмунда окуу-тарбия процессин өнүктүрүү жана өркүндөтүү, мугалимдердин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу жана чыгармачылык жактан өстүрүү максатында педагогикалык кеңеш түзүлөт. Педагогикалык кеңештин курамына жалпы билим берүү уюмунун бардык педагогикалык кызматкерлери кирет. Педагогикалык кеңештин төрагасы болуп жалпы билим берүү уюмунун директору саналат. Педагогикалык кеңеш зарылчылыкка жараша жалпы билим берүү уюмунун директору тарабынан чакырылат.
31. Педагогикалык кеңештин ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет:
1) жалпы билим берүү уюмунун негизги өнүгүү багыттарын тиешелүү аймактык билим берүү башкармалыгынын органдары менен макулдашуу боюнча ишке ашыруу;
2) тарбиялоонун жана окутуунун жаңы инновациялык методдорун киргизүү маселелерин кароо;
3) методикалык кеңештин отчетторун угуу;
4) окуу жана тарбия иштерине талдоо жүргүзүү;
5) жалпы билим берүү уюмунун ишинин чейректик, жарым жылдык жана жылдык жыйынтыктарын чыгаруу;
6) педагогдордун квалификациясын жогорулатуу жана алардын чыгармачылык демилгелерин өнүктүрүү системасын өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизүү;
7) педагогдорду жана башка кызматкерлерди сыйлыкка көрсөтүү;
8) окуучуларды которуу/окуудан чыгаруу/чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алуу;
9) жалпы билим берүү уюмунун уюштуруучусу жана/же администрациясы тарабынан аныкталуучу башка ыйгарым укуктар.
32. Билим берүүнүн системалуулугун камсыз кылуу, педагогдордун квалификациясын жогорулатуу, алардын кесиптик сапаттарын калыптандыруу жана кесиптик чеберчилигин жогорулатуу максатында жалпы билим берүү уюмунда методикалык кеңеш түзүлөт.
Методикалык кеңештин курамына мектептеги методикалык бирикмелердин жетекчилери, директордун окуу жана/же тарбия иштери боюнча орун басарлары кирет. Методикалык кеңештин курамында иштин ар кандай багыттары боюнча секциялар түзүлүшү мүмкүн.
33. Методикалык кеңештин ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет:
1) билим берүү жана тарбиялоо процессинде окутуунун жана тарбиялоонун заманбап методикаларын, формаларын, каражаттарын жана методдорун, жаңы билим берүү технологияларын колдонууда көмөк көрсөтүү;
2) методикалык иштин негизги багыттарын иштеп чыгуу;
3) жалпы билим берүү уюмунун методикалык бирикмелеринин ишин координациялоо;
4) мектептен тышкаркы жана класстан тышкаркы иштерди уюштуруу;
5) педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу, алардын чыгармачылык демилгелерин өнүктүрүү боюнча иштерди уюштуруу;
6) инсанга багытталган педагогикалык ишти өнүктүрүүгө көмөктөшүү, педагогдун өз алдынча билим алуусу, өзүн-өзү өркүндөтүүсү жана өзүн ишке ашыруусу үчүн шарттарды камсыз кылуу;
7) жалпы билим берүү уюмунун уюштуруучусу жана/же администрациясы тарабынан аныкталуучу башка ыйгарым укуктар.
34. Билим берүү процессин уюштурууда, окуучулар менен мектептен тышкаркы жана класстан тышкаркы иштерде педагогикалык жамаатка жардам көрсөтүү, ошондой эле аларга балдарга социалдык колдоо көрсөтүү максатында жалпы билим берүү уюмунун ата-энелер комитети түзүлөт.
35. Жалпы билим берүү уюмунун ата-энелер комитетине ар бир класстан окуучулардын ата-энелеринин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) бир өкүлү шайланат.
36. Ата-энелер комитетинин ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет:
1) билим берүү процессин ишке ашыруу, окуучулардын өмүрүн жана ден соолугун коргоо, инсандын эркин өнүгүүсү үчүн шарттарды жакшыртуу;
2) окуучулардын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо;
3) жалпы мектептик иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү;
4) билим берүү процессин өркүндөтүү, окуучулардын бош убактысын уюштуруу маселелери боюнча башкаруу жана биргелешип башкаруу органдары, администрация менен кызматташуу;
5) жалпы билим берүү уюмунун материалдык-техникалык базасын чыңдоого катышуу;
6) ата-энелер коомчулугун жалпы билим берүү уюмунун ишине активдүү катышууга, ошондой эле класстан тышкаркы жана мектептен тышкаркы иштерди уюштурууга тартуу;
7) жалпы билим берүү уюмунун уюштуруучусу жана/же администрациясы тарабынан аныкталуучу башка ыйгарым укуктар.
37. Жалпы билим берүү уюмунда ыктыярдуу негизде окуучулардын өз алдынча башкаруу органдары жана окуучулардын уюмдары түзүлөт. Жалпы билим берүү уюму окуучулардын уюмдарынын өкүлдөрүнө зарыл маалыматтарды берет жана окуучулардын кызыкчылыктарына тиешелүү маселелерди талкуулоодо башкаруу жана биргелешип башкаруу органдарынын чогулуштарына катышууга жол берет.
38. Жалпы билим берүү уюму жамааттын жалпы чогулушу, камкорчулук, педагогикалык жана методикалык кеңештер, ата-энелер комитети жана окуучулардын уюмдары жөнүндө жоболорду иштеп чыгат жана бекитет.
4-глава. Билим берүү процессинин катышуучуларынын укуктары жана милдеттери
39. Билим берүү процессинин катышуучуларына төмөнкүлөр кирет: окуучулар, педагогикалык кызматкерлер, жалпы билим берүү уюмунун окуу-көмөкчү жана башкаруу персоналы, окуучулардын ата-энелери (мыйзамдуу өкүлдөрү).
40. Жалпы билим берүү уюмунун уставында Кыргыз Республикасынын эмгек мамилелери жана билим берүү жаатындагы мыйзамдарынын ченемдерине ылайык жалпы билим берүү уюмунун, окуучулардын, педагогикалык кызматкерлердин жана окуучулардын ата-энелеринин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) укуктары жана милдеттери көрсөтүлөт.
41. Окутуунун ак ниеттүү жана коопсуз чөйрөсүн түзүү, жалпы билим берүү уюму менен ата-энелер коомчулугунун ортосунда, жалпы билим берүү уюму менен окуучунун ата-энесинин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) ортосунда билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен типтүү келишимдин негизинде өз ара аракеттенүүнү күчөтүү үчүн келишим түзүлөт.
Жалпы билим берүү уюмунун уставында келишим түзүүнүн тартиби, аны узартуунун жана бузуунун шарттары көрсөтүлөт.
5-глава. Мүлк жана финансы-чарбалык иш
42. Жалпы билим берүү уюмунун мүлкүн жана финансылык ресурстарын түзүүнүн булактары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) республикалык жана жергиликтүү бюджеттер;
2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактар.
43. Жалпы билим берүү уюмунун уставдык ишин камсыз кылуу максатында уюштуруучу/лар Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте ага имараттарды, курулмаларды, жабдууларды жана башка зарыл мүлктү оперативдүү башкаруу укугунда бекитип берет.
44. Жалпы билим берүү уюму тиешелүү ченемдик укуктук актыларда аныкталган тартипте киреше алып келүүчү ишке укуктуу. Жалпы билим берүү уюмунун уставында киреше алып келүүчү жана кызмат көрсөтүү жана билим берүү жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине каршы келбеген каржылоо булактары, иштин түрлөрү көрсөтүлөт.
6-глава. Эсепке алуу, отчеттуулук жана аудит
45. Жалпы билим берүү уюмунун уставында бухгалтердик эсеп жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык эсепке алууну жана отчеттуулукту жүргүзүүнүн тартиби көрсөтүлөт.
7-глава. Кайра уюштуруу жана жоюу
46. Жалпы билим берүү уюмунун иши жоюу же кайра уюштуруу (кошуу, бириктирүү, бөлүү, бөлүп алуу, өзгөртүп түзүү) түрүндө токтотулушу мүмкүн:
1) уюштуруучунун/лардын чечими боюнча;
2) сот органдарынын чечими боюнча.
47. Жалпы билим берүү уюмун кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
48. Жалпы билим берүү уюмунун ишин токтотууну каттоо датасы болуп каттоочу органдын тиешелүү буйругу чыккан дата эсептелет.
49. Жалпы билим берүү уюму жоюлган учурда анын ишине байланыштуу документтер "Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.
8-глава. Корутунду жоболор
50. Уюштуруучунун/лардын чечими боюнча жалпы билим берүү уюмунун уставына жарандык укук мамилелери жана билим берүү жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн.
51. Бардык өзгөртүүлөр жана толуктоолор Кыргыз Республикасынын юридикалык жактарды каттоо/кайра каттоо жаатындагы мыйзамдарында белгиленген тартипте юстиция органдарында катталууга тийиш.
52. Жалпы билим берүү уюмунун уставында көрсөтүлбөгөн ишинин маселелери Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндөЗакон · 22.11.1999 · № 125
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-августунун № 519 "Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын айрым маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 27.08.2024 · № 519