Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Коронардык стенттердин жана аларга чыгымдалуучу материалдардын бааларын жөнгө салуунун убактылуу эрежелери (КР Министрлер Кабинетинин токтомуна)
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. Учурдагы редакциянын датасы: 2025-05-13.
Тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 13-майындагы № 249 токтомуна)
Коронардык стенттердин жана аларга чыгымдалуучу материалдардын бааларын жөнгө салуунун УБАКТЫЛУУ ЭРЕЖЕЛЕРИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Коронардык стенттердин жана аларга чыгымдалуучу материалдардын баасын жөнгө салуунун убактылуу эрежелери (мындан ары - Убактылуу эрежелер) коронардык стенттердин жана аларга чыгымдалуучу материалдардын (мындан ары - коронардык стенттер) бааларын жөнгө салуу тартибин белгилейт.
2. Бул Убактылуу эрежелерде төмөнкүдөй негизги терминдер жана түшүнүктөр колдонулат:
1) базалык баа - чектүү бааны эсептөө үчүн негиз катары алынган медициналык буюмдун улуттук валютадагы баасы;
2) арыз ээси - ыйгарым укуктуу органга медициналык буюмдун баасын каттоо үчүн арыз менен кайрылган өндүрүүчү же анын ыйгарым укуктуу өкүлү;
3) мониторинг - медициналык буюмдардын баасынын өзгөрүшүнө андан ары талдоо жүргүзүү жана баалоо үчүн ыйгарым укуктуу орган тарабынан байкоо жүргүзүү, маалымат чогултуу, фиксациялоо процесси;
4) медициналык буюмдардын топтому (комплекти) - көрсөтүлгөн медициналык буюмдардын тизмесин көрсөтүү менен бирдиктүү дайындоосу жана маркалоосу бар медициналык буюмдардын жыйындысы;
5) "Дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын электрондук маалымат базасы" маалыматтык системасы (мындан ары - ЭМБ МС) - дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды каттоо, каттоосун тастыктоо, өзгөртүүлөрдү киргизүү, сапатын жана коопсуздугун баалоо, кыймылын эсепке алуу жөнүндө маалыматты камтыган маалыматтык система;
6) чектүү баа - медициналык буюмдун базалык баасына акчалай түрдөгү кошумча наркты эсептөө менен аныкталуучу медициналык буюмга катталган эң жогорку жол берилген баа;
7) жеткирүүнүн орточо салмактанган баасы - ташып киргизүү көлөмүн эсепке алуу менен белгилүү бир мезгилге орточо жеткирүү баасы;
8) ыйгарым укуктуу орган - саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды жүгүртүү чөйрөсүн жөнгө салуу боюнча ведомстволук бөлүмү;
9) Кыргыз Республикасына медициналык буюмду жеткирүүнүн баасы (мындан ары - жеткирүү баасы) - базалык бааны каттоо жол-жобосун жүргүзүү үчүн колдонулган эсеп-фактураларда же товардын коштомо кагаздарында көрсөтүлгөн медициналык буюмдун баасы;
10) медициналык буюмдардын бааларынын электрондук каталогу (мындан ары - баалардын каталогу) - катталган базасы жана чектүү баалар жөнүндө маалыматтын булагы болуп саналган электрондук документ.
3. Бааны жөнгө салуу коронардык стенттердин толук аталышы боюнча жүргүзүлөт.
4. Эгерде коронардык стенттер топтому менен ташып киргизилсе - чектүү баа бир комплект үчүн, ал эми коронардык стенттер өз өзүнчө ташылып келсе - чектүү баа ар бир медициналык буюм үчүн белгиленет.
5. Ыйгарым укуктуу орган тарабынан катталган коронардык стенттердин чектүү баасы Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында колдонулат жана фармацевтикалык иштин бардык субъекттери үчүн милдеттүү болуп саналат.
6. Ушул Убактылуу эрежелерде белгиленген тартипте баасын каттабастан коронардык стенттерди сатууга тыюу салынат.
7. Кызматына, ээлеген ордуна же милдеттерин аткарууга байланыштуу медициналык буюмдарга бааларды каттоонун жол жобосуна байланыштуу купуя маалыматка жана/же коммерциялык сырга ээ болгон адамдар купуя маалыматты жана/же коммерциялык сырды коргоо боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоого милдеттүү.
8. Коронардык стенттерди сатуу менен алектенген фармацевтикалык уюмдар катталган чектүү бааларды сактоого милдеттүү.
9. Ушул Убактылуу эрежелердин талаптарын аткарбаган учурда медициналык буюмдарды сатууну жүзөгө ашыруучу фармацевтикалык уюмдар Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.
10. Ыйгарым укуктуу органдын бааларды мамлекеттик каттоодон баш тартуусуна арыз ээси тарабынан коомдук-укуктук мамилелер чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык даттанылышы мүмкүн.
2-глава. Коронардык стенттердин баасын жөнгө салуу. Бааны каттоо тууралуу арыздарды кабыл алуу
11. Коронардык стенттердин баасын жөнгө салуу төмөнкү этаптарды камтыйт:
1) каттоо жөнүндө арызды кабыл алуу/бааларга өзгөртүүлөрдү киргизүү;
2) базалык бааны эсептөө;
3) чектүү бааны эсептөө;
4) базалык, чектүү бааны каттоо;
5) катталган базалык жана чектүү бааларды баалардын каталогуна киргизүү;
6) коронардык стенттердин катталган баасына өзгөртүүлөрдү киргизүү.
12. Кыргыз Республикасынын аймагында коронардык стенттердин баасын каттоо үчүн арыз ээси ушул Убактылуу эрежелердин 1-тиркемесине ылайык ыйгарым укуктуу органга арыз берет.
Арызга төмөнкүлөр тиркелет:
1) арыз ээсинин-өкүлүнүн бааларды каттоого ыйгарым укуктарын ырастоочу ишеним каттын көчүрмөсү;
2) завод-өндүрүүчүдөн коронардык стенттерди сатып алуу тууралуу келишимдин көчүрмөсү;
3) товарды коштоочу документтердин, бардык эсеп-фактуралардын же товардык коштомо кагаздардын, ошондой эле акыркы 6 ай ичиндеги коронардык стенттер боюнча товарларга декларациялардын көчүрмөлөрү;
4) ушул Убактылуу эрежелердин 3-тиркемесине ылайык формада орточо салмактанып алынган бааны эсептөө менен акыркы 6 ай үчүн жеткирип берүүлөрдүн баалары жөнүндө маалымат.
Акыркы 6 айдын ичинде иш жүзүндө жеткирип берүүлөр болбогон учурда, мурунку 6 ай үчүн документтердин көчүрмөлөрү берилет. Орточо салмактанып алынган бааны эсептөө ушул Убактылуу эрежелердин 2-тиркемесине ылайык тартипте ишке ашырылат. Эгерде бир каттоо күбөлүгүнүн алкагында коронардык стенттин бир нече модели катталса, арыз ээси ар бир моделге өзүнчө арыз берет. Мында бааны каттоо үчүн чет өлкө валютасын Кыргыз Республикасынын улуттук валютасына кайрадан эсептөө арыз ээлери тарабынан коммерциялык банктын 2% курсуна түзөтүүчү коэффициентти колдонуу менен бааны каттоого арыз берилген күнү күчүндө болгон Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча эсептелет.
13. Ыйгарым укуктуу орган арыздарды кагаз жүзүндө кабыл алат. Электрондук түрдө арыз берүүдө арыз ээси арызга ушул Убактылуу эрежелердин 11-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди тиркейт.
14. Ыйгарым укуктуу орган арыз келип түшкөн күнү каттоону ишке ашырат.
3-глава. Коронардык стенттерднн бааларын каттоо
15. Коронардык стенттердин бааларын каттоо үчүн ыйгарым укуктуу орган арыз берүүчү тарабынан берилген коронардык стенттин орточо салмактанып алынган баасын эсептөө үчүн колдонулуучу маалыматтарды текшерет.
16. Эгерде орточо салмактанып алынган бааны эсептөөдө ката табылса, ыйгарым укуктуу орган текшерүүнүн натыйжасында алынган эсептөөлөрдү жетекчиликке алат жана текшерүү аяктаган күндөн тартып 7 жумуш күндүн ичинде бул тууралуу арыз ээсине жазуу жүзүндө билдирет.
17. Тапшырылган эсептөөлөрдү текшерүү жол-жобосу аяктагандан кийин Кыргыз Республикасынын бажы иштери чөйрөсүндөгү мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында каралган товарларды, салыктарды чыгарууга байланыштуу бажы алымдарын (жыйымдарды) төлөө боюнча чыгымдар орточо салмактанып алынган жеткирүү баасына кошулат. Алынган сумма баалардын каталогунда катталат жана базалык баа катары таанылат жана андан кийин чектүү бааны аныктоо үчүн колдонулат.
18. Бааларды каттоо жол-жобосун жүргүзүүдө ыйгарым укуктуу орган талдануучу материалдарга жетүү мүмкүнчүлүгү бар арыз ээлеринен маалыматтарды суроого укуктуу. Арыз ээси суралган маалыматты он жумуш күндүн ичинде берүүгө милдеттүү.
19. Коронардык стенттердин бааларын каттоо, анын ичинде кошумча тактоочу маалыматтарга суроо-талаптар ыйгарым укуктуу органга арыз келип түшкөн күндөн тартып 30 (отуз) жумуш күндүн ичинде жүргүзүлөт.
20. Коронардык стенттердин катталган баалары баалардын каталогуна киргизилген датадан тартып бир жыл бою күчүндө болот.
21. Базалык, чектүү баалар сомго тегеректелет.
4-глава. Коронардык стенттердин чектүү бааларын аныктоо
22. Коронардык стенттердин бааларын жөнгө салуу максатында ыйгарым укуктуу орган сатуудан алынуучу салыкты, кошумча нарк салыгын, киреше салыгын эске албастан, медициналык буюмдун базалык баасынын 25% ашпаган өлчөмдө үстөк кошуу жолу менен чектүү бааларды белгилейт.
5-глава. Баалар каталогуна бекитилген бааларды киргизүү
23. Коронардык стенттердин базалык баасы, катталган чектүү баалары бааны каттоо жөнүндө ыйгарым укуктуу органдын чечими кабыл алынган күндөн тартып 3 жумуш күндүн ичинде баалар каталогуна киргизилет.
24. Баалардын каталогу коронардык стенттердин базалык баасы, чектүү баалары жөнүндө расмий маалымат булагы болуп саналат.
25. Баалардын каталогу ыйгарым укуктуу орган тарабынан электрондук форматта жүргүзүлөт, ыйгарым укуктуу органдын сайтында ачык түрдө жайгаштырылат жана үзгүлтүксүз негизде жаңыртылып турат.
26. Баалар ыйгарым укуктуу орган тарабынан баалардын каталогуна киргизилет.
27. Баалардын каталогу төмөнкүдөй маалыматты камтыйт:
1) медициналык буюмдун толук аталышы;
2) модель;
3) коронардык стенттерди өндүрүүчүнүн аталышы, өлкөсү;
4) базалык баа;
5) чектүү баа;
6) бааларды каталогго киргизүү датасы;
7) катталган чектүү баанын күчүнө кирген датасы.
28. Медициналык буюмдарды сатууну жүзөгө ашыруучу фармацевтикалык уюмдар 15 (он беш) календардык күндүн ичинде коронардык стенттерге жана керектелүүчү материалдарга койгон бааларын баалардын каталогуна киргизилген баага ылайык келтирүүгө милдеттүү.
6-глава. Бааны өзгөртүү тартиби
29. Коронардык стенттердин катталган бааларын өзгөртүүгө баа катталган күндөн тартып 90 (токсон) календардык күндөн кийин жол берилет.
30. Коронардык стенттердин катталган баасын өзгөртүү үчүн арыз ээси ыйгарым укуктуу органга баанын өзгөрүшүн негиздеген арызды, ошондой эле ушул Убактылуу эрежелердин 2-главасына ылайык жүргүзүлгөн эсептөөлөр менен документтердин топтомун берет.
31. Коронардык стенттердин баасын кайра кароо ушул Убактылуу эрежелердин 6-главасына ылайык ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
32. Улуттук валютанын курсу тиешелүү чет өлкө валютасына карата 10 (он) пайыздан ашык өзгөргөн учурда, курс 7 (жети) календардык күн бою өзгөрүүсүз калган шартта, ыйгарым укуктуу орган баалардын каталогунда катталган бааларга валюталык оңдоо киргизет.
33. Эгерде улуттук валютанын чет өлкө валютасына карата курсу баа катталган датадан тартып 10 (он) пайыздан ашык өзгөрсө, же даярдоочу заводдун баасы өзгөргөндө, арыз ээси ыйгарым укуктуу органга өзгөртүү киргизүү үчүн тиешелүү кат менен кайрылат.
Коронардык стенттердин баасын карап чыгуу, анын ичинде кошумча тактоочу маалыматтарга суроо-талап, бааны өзгөртүү жөнүндө арыз келип түшкөн күндөн тартып 10 (он) жумуш күнгө чейинки мөөнөттө жүзөгө ашырылат.
7-глава. Мониторинг
34. Мониторинг коронардык стенттердин баасын жөнгө салуунун натыйжалуулугун талдоо жана баалоо максатында ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүргүзүлөт.
35. Мониторинг төмөнкү жол менен үзгүлтүксүз негизде жүргүзүлөт:
1) ачык булактардан маалыматтарды чогултуу (интернет, массалык маалымат каражаттары, расмий сайттар, прайстар);
2) фармацевтикалык иш субъекттеринен медициналык буюмдардын дүң, чекене баасын суроо.
Коронардык стенттердин жана аларга чыгымдалуучу материалдардын бааларын жөнгө салуунун убактылуу эрежелерине 1-тиркеме
Форма
Коронардык стенттердин жана аларга чыгымдалуучу материалдардын бааларын каттоо/катталган бааларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө АРЫЗ
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаменти _________________________________________________________ КР ССМ караштуу ДКжМБДнин жетекчинин аты-жөнү
Арыз ээси
Арыз ээсинин аты-жөнү жана/же уюмдун аталышы
Юридикалык дареги
Иттт жүзүндөгү дареги
Телефону
Электрондук почтасы
Коронардык стенттерди жана аларга чыгымдалуучу материалдарды өндүрүүчү завод
Өндүрүүчү заводдун аталышы
Өндүрүүчү заводдун юридикалык дареги
Өндүрүүчү заводдун иш жүзүндөгү дареги
Телефону
Электрондук почтасы
Коронардык стенттер жана аларга чыгымдалуучу материалдар жөнүндө маалымат
Медициналык буюмдун толук аталышы
Модели
Кыргыз Республикасындагы каттоо күбөлүгүнүн номери
Арыз берилген күнгө карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу
1 Америка Кошмо Штаттарынын доллары ____________________; 1 россия рубли ____________________; 1 евро ___________________________; 1 казак теңгеси _____________________
Коронардык стенттин бир таңгагына эсептелген баа:
Жеткирип берүүгө орточо салмактанган баасы:
Коронардык стенттердин баалары жөнүндө берилген маалымат ишенимдүү булактардан алынганын жана берүү учуруна карата бурмаланбаганын ырастайм. Өзүмдүн компетенциямдын чегинде коронардык стенттердин баасын каттоо жана/же катталган баасын өзгөртүү үчүн зарыл болгон бардык материалдарды берүүгө милдеттенем. Арыз берилген күн: 20___-ж. "___" ________________
_____________________________________________________________ (Арыз ээсинин жооптуу адамынын аты-жөнү, кызмат орду жана колу)
Мөөрдүн орду (бар болсо)
Коронардык стенттерди жана аларга чыгымдалуучу материалдардын бааларын жөнгө салуунун убактылуу эрежелерине 2-тиркеме
Коронардык стенттерди жеткирип берүүнүн орточо салмактанып алынган баасын эсептөөнүн ТАРТИБИ
1. Коронардык стенттерди жана аларга чыгымдалуучу материалдарды ташып келүүнүн орточо салмактанып алынган баасын эсептөөдө ушул Убактылуу эрежелерде аныкталган мөөнөткө коронардык стенттерге карата ташып келүүнүн көлөмү жөнүндө маалымат "Кыргызфармация" мамлекеттик ишканасынын ташып келүү көлөмүн кошпогондо, ар бир өндүрүүчү үчүн бир каттоо күбөлүгүнүн алкагында эске алынат.
2. Кыргыз Республикасынын аймагына коронардык стенттерди жеткирип берүүнүн орточо салмактанып алынган баасы төмөнкү формула боюнча аныкталат:
мында: 1 таңгактын баасы (сом менен) - коронардык стенттин бир таңгагын жеткирип берүүнүн иш жүзүндөгү баасы; таңгактардын саны (даана) - бир жолу жеткирип берүүдөгү коронардык стенттердин таңгактарынын саны; Σ1 - акыркы 6 айдагы таңгактардын жалпы саны. Өз алдынча ташып кетүү шарттарында ташып келинген коронардык стенттердин жана аларга чыгымдалуучу материалдардын бааларын каттоодо арыз ээлери жеткирип берүүчүнүн колу жана мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн, Кыргыз Республикасына чейин жеткирүүгө кеткен чыгымдар боюнча документтердин көчүрмөлөрүн кошумча берүүгө милдеттүү.
Коронардык стенттердин жана аларга чыгымдалуучу материалдардын бааларын жөнгө салуунун убактылуу эрежелерине 3-тиркеме
Форма
6 ай ичинде коронардык стенттерди жана аларга чыгымдалуучу материалдарды акыркы жеткирүүнүн баалары жөнүндө (товарды коштоочу документтер боюнча) МААЛЫМАТТАР
Коронардык стенттин толук аталышы
ТЭИ ТН
Жеткирүү күнү
Жеткирилген таңгактардын саны
1 таңгактын баасы
Арыз берилген күндөгү чет элдик валютанын курсу
1 таңгактын баасы (сом менен)
Жалпы суммасы (сом менен)
БАРДЫГЫ
Күнү: "___" _____________ 20___-ж.
_____________________________________________________________ (Арыз ээсинин жооптуу адамынын аты-жөнү, кызмат орду жана колу) Мөөр коюлуучу жер
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 13-майы № 249 "Коронардык стенттерди жана аларга чыгымдалуучу материалдардын бааларын жөнгө салуунун убактылуу…Постановление · 13.05.2025 · № 249 · Күчүн жоготкон