# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 13-майы № 249 "Коронардык стенттерди жана аларга чыгымдалуучу материалдардын бааларын жөнгө салуунун убактылуу эрежелерин бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 13-майы № 249 "Коронардык стенттерди жана аларга чыгымдалуучу материалдардын бааларын жөнгө салуунун убактылуу эрежелерин бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 249
- Кабыл алынган күнү: 13.05.2025
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.05.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230026585>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230026585/edition/31603/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230026585.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.05.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 13-майы № 249 "Коронардык стенттерди жана аларга чыгымдалуучу материалдардын бааларын жөнгө салуунун убактылуу эрежелерин бекитүү тууралуу" токтому (13.05.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230026585

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 13-майы № 249

Коронардык стенттердин жана аларга чыгымдалуучу материалдардын бааларын жөнгө салуунун убактылуу эрежелерин бекитүү жөнүндө

"Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесинин 4-бөлүгүн ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Коронардык стенттердин жана аларга чыгымдалуучу материалдардын бааларын жөнгө салуунун убактылуу эрежелери тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Төмөнкүлөр белгиленсин:

1) ушул токтом күчүнө киргенден кийин 10 (он) жумуш күндүн ичинде коронардык стенттерди жана аларга чыгымдалуучу материалдарды каттоо күбөлүгүнүн ээлери дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды жүгүртүү чөйрөсүн жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу органга коронардык стенттердин жана аларга чыгымдалуучу материалдардын бааларын каттоо жөнүндө арыз берүүгө тийиш;

2) бааны каттоо жөнүндө арыз белгиленген мөөнөттө берилбеген учурда дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды жүгүртүү чөйрөсүн жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган коронардык стенттердин жана аларга чыгымдалуучу материалдардын бааларын эсептөөнү жана каттоону өз алдынча жүргүзөт;

3) ушул токтом күчүнө киргенге чейин Кыргыз Республикасынын аймагында жүгүртүүдөгү коронардык стенттердин жана аларга чыгымдалуучу материалдардын баалары фармацевттик иштин субъекттери тарабынан медициналык буюмдардын бааларынын электрондук каталогуна киргизилген учурдан тартып 10 күндүн ичинде катталган баага ылайык келтирилүүгө тийиш;

4) фармацевттик иштин субъекттери ушул токтомду талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет жана 2025-жылдын 31-декабрына чейин колдонулат.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
