# 8-берене. Камсыздандыруунун тармактары, формалары жана түрлөрү

- Документ: [Камсыздандыруу жана камсыздандыруу иши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230026520)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 29-апрелиндеги № 89 "Камсыздандыруу жана камсыздандыруу иши жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 89
- Кабыл алынган күнү: 29.04.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.04.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230026520/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230026520/edition/31541/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230026520/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Камсыздандыруу жана камсыздандыруу иши жөнүндө, 8-берене (29.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230026520/st-8

---

1. Камсыздандыруу ыктыярдуу жана милдеттүү формаларда жүзөгө ашырылат.

Камсыздандыруу төмөнкүдөй түрлөргө бөлүнөт:

- камсыздандыруу уюму тарабынан жүзөгө ашырылуучу өмүрдү ыктыярдуу топтолмо камсыздандыруу;

- камсыздандыруу уюму тарабынан жүзөгө ашырылуучу ыктыярдуу жеке камсыздандыруу;

- камсыздандыруу уюму тарабынан жүзөгө ашырылуучу мүлктү ыктыярдуу камсыздандыруу;

- камсыздандыруу уюму тарабынан жүзөгө ашырылуучу жоопкерчиликтерди ыктыярдуу камсыздандыруу;

- камсыздандыруу уюму тарабынан жүзөгө ашырылуучу камсыздандыруунун милдеттүү түрлөрү;

- кайра камсыздандыруу уюму тарабынан жүзөгө ашырылуучу камсыздандыруунун милдеттүү жана ыктыярдуу түрлөрү боюнча кирүүчү кайра камсыздандыруу;

- камсыздандыруу уюму тарабынан жүзөгө ашырылуучу такафул ислам принциптери боюнча камсыздандыруу;

- камсыздандыруу уюму тарабынан жүзөгө ашырылуучу жүктөлгөн камсыздандыруу;

- камсыздандыруу уюму тарабынан жүзөгө ашырылуучу аннуитеттик камсыздандыруу.

2. Ыктыярдуу камсыздандыруу камсыздандыруу келишиминин жана Камсыздандыруу эрежелеринин негизинде жүзөгө ашырылат. Ыктыярдуу Камсыздандыруу эрежелери, ошондой эле киргизилген өзгөртүүлөр аны жүзөгө ашыруунун жалпы шарттарын жана тартибин аныктайт, Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык камсыздандыруучулардын ассоциациясы же камсыздандыруучу тарабынан өз алдынча кабыл алынат, бекитилет жана колдонууга киргизүүнүн алдында ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылууга тийиш. Камсыздандыруунун конкреттүү шарттары камсыздандыруу келишимин түзүүдө аныкталат.

3. Эгерде аны жүргүзүүнүн түрлөрүн, жалпы шарттарын жана тартибин аныктаган камсыздандыруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралса, ал милдеттүү болуп саналат. Милдеттүү камсыздандыруу келишимдин жана Милдеттүү камсыздандыруу эрежелеринин негизинде жүзөгө ашырылат. Милдеттүү камсыздандыруу эрежелери аны жүргүзүү шарттарын жана тартибин аныктайт, милдеттүү камсыздандыруу жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык кабыл алынат жана бекитилет.

Милдеттүү камсыздандыруу келишимдеринен келип чыгуучу талаш-тартыштарды жөнгө салуунун өзгөчөлүктөрү камсыздандыруунун милдеттүү түрлөрүн жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленет.

4. Камсыздандыруу өмүрдү камсыздандыруу (өмүрдү топтолмо камсыздандыруу), мамлекеттик эмес пенсиялык камсыздандыруу, анын ичинде жеке камсыздандыруу элементтери менен аннуитеттик камсыздандыруу,) жана өмүрдү камсыздандыруудан (жеке камсыздандыруудан, мүлктүк камсыздандыруудан, жоопкерчиликти камсыздандыруудан) башка тармактар сыяктуу тармактар боюнча жүзөгө ашырылат.

5. Аннуитеттик камсыздандыруу келишимде белгиленген мөөнөттүн ичинде мамлекеттик эмес камсыздандыруу же рента боюнча пенсия түрүндө же камсыздандырылган адам белгилүү куракка жеткенде, эмгекке жарамдуулугун жоготкондо (курагы боюнча, майыптыгы боюнча, оорусу боюнча), баккан адамы каза болгондо, жумушсуз калганда же камсыздандырылуучунун жеке кирешелеринин төмөндөшүнө же жоголушуна алып келген башка учурларда өмүр бою мезгил-мезгили менен камсыздандыруу төлөмдөрүн жүргүзүүнү кароочу топтолмо камсыздандыруунун түрлөрүнүн жыйындысын билдирет.

Камсыздандыруу уюму Министрлер Кабинети тарабынан каралган тартипте актуарийдин корутундусунун негизинде аннуитеттик камсыздандыруу келишими колдонулган мезгилде үзгүлтүксүз камсыздандыруу төлөмдөрүнүн өлчөмүн көбөйтүүгө укуктуу.

6. Милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө талап, камсыздандыруунун түрлөрү жана минималдуу шарттары (анын ичинде камсыздандыруу объекти, камсыздандыруу тобокелдиктери жана камсыздандыруу суммаларынын минималдуу өлчөмдөрү) Министрлер Кабинети тарабынан белгиленип, ал эми камсыздандыруунун башка шарттары жана тартиби тараптардын макулдашуусу менен аныкталган учурда жүктөлгөн камсыздандыруу милдеттүү камсыздандыруу болуп саналат.

Жүктөлгөн камсыздандыруу камсыздандыруунун бир же бир нече түрүнүн чегинде жүзөгө ашырылат. Жүктөлгөн камсыздандыруу боюнча типтүү келишимдерге карата минималдуу талаптар Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет. Жүктөлгөн камсыздандыруу боюнча типтүү келишимдер ыйгарым укуктуу орган тарабынан иштелип чыгат жана бекитилет. Тараптардын макулдашуусу боюнча жүктөлгөн камсыздандыруу боюнча типтүү келишимдер ушул Мыйзамдын талаптарына карама-каршы келбеген жоболор менен толукталышы мүмкүн.

7. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюму камсыздандыруу жүзөгө ашырылып жаткан тармактарды, камсыздандыруунун түрлөрүн жана камсыздандыруунун шарттарын өз алдынча аныктайт.

---

Мурунку берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230026520/st-7)  
Кийинки берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230026520/st-9)
