79-берене. Маалыматтар базасын түзүү жана жүргүзүү боюнча маалыматтык борборду түзүү тартиби жана негизги функциялары
Күчүндө · 29.04.2025 редакциясы · 11-глава
1. Камсыздандыруунун түрлөрү боюнча маалыматтар базасын жүргүзүүнүн тартиби жана түзүмү ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталат.
2. Камсыздандыруу боюнча автоматташтырылган маалыматтык тутумунун маалыматтар базасынын негизги функциялары төмөнкүлөр болуп саналат:
1) ушул Мыйзамда каралган маалыматтарды чогултуу;
2) камсыздандыруу отчетторун түзүү жана берүү;
3) камсыздандыруу статистикасын түзүү;
4) камсыздандыруу рыногу боюнча маалыматтарды статистикалык эсепке алуу, талдоо жана жалпылоо жана аларды ыйгарым укуктуу органга берүү үчүн маалыматтык аналитикалык тутумун түзүү жана жүргүзүү;
5) ар бир камсыздандырылуучу (камсыздандырылган, пайда табуучу) боюнча маалыматтарды электрондук түрдө сактоо үчүн камсыздандыруу келишимдери боюнча маалыматтардын электрондук базасын жүргүзүү;
6) камсыздандыруу келишимдерин түзүү үчүн пайдаланылуучу камсыздандыруу уюмдарынын интернет-ресурстарынын тизмегин өзүнүн интернет-сайтына жайгаштыруу.
3. Камсыздандыруу жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Мыйзамда каралган талаптарды ишке ашыруу боюнча функцияларды сапаттуу жана өз убагында аткарууну камсыз кылуу максатында камсыздандыруу боюнча маалыматтар базасынын администратору жеке жана юридикалык жактардан, ошондой эле мамлекеттик органдардан маалыматты, анын ичинде камсыздандыруу сырын түзгөн маалыматты ыйгарым укуктуу органдын макулдугу менен алууга укуктуу.
Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын камсыздандыруу уюмдары тарабынан аткарылышын камсыз кылуу максатында камсыздандыруу боюнча маалыматтар базасынын администратору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык тиешелүү маалыматтык тутумдарга жана мамлекеттик органдардын маалыматтар базасына кирүүгө укуктуу. Камсыздандыруу боюнча маалыматтар базасынын администраторунун кызматкерлери өз функцияларын жүзөгө ашыруунун жүрүшүндө алынган кызматтык жана коммерциялык сырды, же мыйзам менен корголгон башка сырды түзгөн маалыматтарды ачыкка чыгаргандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
Берененин тексти 29.04.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
79-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230026520/st-79" title="79-берене - Камсыздандыруу жана камсыздандыруу иши жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>