76-берене. Аудит
Күчүндө · 29.04.2025 редакциясы · 10-глава
1. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун аудити аудитордук иш чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аудит жүргүзүүгө укуктуу көз карандысыз аудитордук уюм тарабынан жүргүзүлөт.
Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун жылдык финансылык отчеттуулугу көз карандысыз аудитордук уюмдун корутундусу менен тастыкталууга тийиш. Ыйгарым укуктуу органдын талабы боюнча камсыздандыруу брокери өз ишине аудит жүргүзүүнү камсыз кылууга милдеттүү. Аудит көз карандысыз аудитордук уюм тарабынан жүргүзүлүүгө тийиш.
2. Аудитордук корутунду аудитордук уюм төмөнкүдөй экендигин тастыктаган документтер берилген шартта жарактуу деп таанылат:
1) текшерилүүчү камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунан, анын акционерлеринен жана жетектөөчү кызматкерлеринен көз карандысыз;
2) текшерилип жаткан камсыздандыруу брокеринен, анын акционерлеринен (катышуучуларынан) жана жетектөөчү кызматкерлеринен көз карандысыз;
3) текшерилип жаткан кепилдик төлөмдөр фондунан, анын акционерлеринен жана жетектөөчү кызматкерлеринен көз карандысыз;
4) Аудиторлордун, аудитордук уюмдардын, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кесиптик аудитордук бирикмелеринин бирдиктүү мамлекеттик реестринде каттоого ылайык аудитордук ишти жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу жана аудитордук иш чөйрөсүндө мамлекеттик жөнгө салууну жана ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча аудитордук жана кесиптик аудитордук уюмдардын ишин контролдоону жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан иштелип чыккан финансылык уюмдарга милдеттүү аудит жүргүзүүчү аудитордук уюмдарга карата минималдуу талаптарга шайкеш келет же болбосо өзү резидент болуп саналган мамлекеттин компетенттүү органынын лицензиясына ылайык аудитордук ишти жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу.
3. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюму өз ишине үч жылдан ашык катары менен аудит жүргүзүү үчүн бир эле аудитордук уюмду жана аудиторду тартууга укуксуз.
4. Аудитордук уюм камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмуна, анын ичинде көз карандысыз актуарийди тартуу жолу менен аудит жүргүзүүгө укуктуу.
5. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун же камсыздандыруу тобунун курамына кирген башка юридикалык жактардын финансылык отчеттуулугу боюнча аудитордук корутундусу коммерциялык сырды түзбөйт.
6. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюму өзүнүн түзүмүндө иши лицензияланууга тийиш болбогон ички аудит кызматына (аудиторго) ээ болууга милдеттүү.
7. Ички аудитти жүргүзүү тартиби ички аудит жөнүндө Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген талаптарды эске алуу менен камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун тиешелүү ички документтери менен аныкталат.
8. Финансылык жылдын жыйынтыгы боюнча көз карандысыз аудитти жүргүзүү камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдары үчүн милдеттүү.
Аудитордук корутундунун жана аудитордук уюмдун сунуштамаларынын көчүрмөлөрү камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдары жана аудитордук уюмдар тарабынан ушул документтерди алган күндөн тартып он календардык күндүн ичинде ыйгарым укуктуу органга берилүүгө тийиш. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюму аудитордук корутундуну алгандан кийин он календардык күндүн ичинде камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюму ири катышуучу болуп эсептелген башка юридикалык жактарга аудитордук корутундунун көчүрмөсүн берүүгө милдеттүү. Ыйгарым укуктуу орган аудитордук уюмдан маалыматты, коммерциялык сырды түзгөн маалыматтарды кошкондо, анын ичинде кардарлардын тизмеги боюнча маалыматты талап кылууга жана алууга укуктуу.
Берененин тексти 29.04.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
76-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230026520/st-76" title="76-берене - Камсыздандыруу жана камсыздандыруу иши жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>