73-берене. Лицензиянын колдонулушун токтотууда камсыздандыруу портфелин өткөрүп берүү
Күчүндө · 29.04.2025 редакциясы · 9-глава
1. Камсыздандыруу портфелин өткөрүп берүү убактылуу администрация тарабынан камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун финансылык абалын жакшыртуу же камсыздандырылуучулардын (кайра камсыздандырылуучулардын) укуктарын коргоо максатында камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмун мажбурлап жоюу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин жүргүзүлүшү мүмкүн.
Камсыздандыруу портфелин башка камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмуна (камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдарына) өткөрүп берүүгө камсыздандыруу келишимдерин камсыз кылуу үчүн активдер жетиштүү болгон учурда жол берилет. Убактылуу администрация камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун лицензиясын жокко чыгарууда, лицензиянын колдонулушун токтотууда, камсыздандыруу портфелин өткөрүп берүү боюнча кабыл алынган чечим жөнүндө ыйгарым укуктуу органга кабарлайт.
2. Убактылуу администрация камсыздандыруу портфелин өткөрүп берүү боюнча кабыл алынган чечим жөнүндө ыйгарым укуктуу орган кабарлаган датадан тартып беш жумушчу күндөн кечиктирбестен жалпыга маалымдоо каражаттарында камсыздандыруу портфелин өткөрүп берүү жөнүндө кулактандырууну мамлекеттик жана расмий тилдерде ошондой эле камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун интернет-ресурсунда жарыялайт.
Камсыздандыруу портфелин өткөрүп берүүдө кулактандырууда камсыздандыруу келишимин өткөрүп берүүгө макул болбогон учурда камсыздандырылуучулардын каршы пикирлерин кабыл алуучу даректер жана каршы пикирлерди берүүнүн тартиби, мөөнөттөрү көрсөтүлөт.
3. Убактылуу администрация камсыздандыруу келишимин өткөрүп берүү жөнүндө камсыздандырылуучунун макулдугу бар болгондо камсыздандыруу портфелин жарым-жартылай (камсыздандыруунун бир же бир нече түрү боюнча) же толук өткөрүп берүү жөнүндө чечим кабыл алат.
Жазуу жүзүндөгү кабарланган күндөн кийин он жумушчу күндүн ичинде камсыздандырылуучунун жазуу жүзүндөгү каршы пикиринин жоктугу камсыздандырылуучунун камсыздандыруу портфелин өткөрүп берүүгө макулдугу катары каралат.
4. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун лицензиясынын колдонулушун токтото турууда, токтотууда, жокко чыгарууда камсыздандыруу портфелин өткөрүп берүү камсыздандырылуучунун макулдугусуз толук көлөмдө жүзөгө ашырылат.
5. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун лицензиясынын колдонулушун токтото турууда, жокко чыгарууда, токтотууда камсыздандыруу портфелин өткөрүп берүү тартиби жана өзгөчөлүктөрү ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталат.
Берененин тексти 29.04.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
73-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230026520/st-73" title="73-берене - Камсыздандыруу жана камсыздандыруу иши жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>