# 70-берене. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун убактылуу администрациясынын (убактылуу башкаруучусунун) ишин контролдоо

- Документ: [Камсыздандыруу жана камсыздандыруу иши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230026520)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 29-апрелиндеги № 89 "Камсыздандыруу жана камсыздандыруу иши жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 89
- Кабыл алынган күнү: 29.04.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.04.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230026520/st-70>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230026520/edition/31541/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230026520/st-70.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Камсыздандыруу жана камсыздандыруу иши жөнүндө, 70-берене (29.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230026520/st-70

---

1. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун убактылуу администрациясынын (убактылуу башкаруучусунун) ишин контролдоону ыйгарым укуктуу орган жүзөгө ашырат, ал төмөнкүлөргө укуктуу:

1) милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон жазуу жүзүндөгү көрсөтмөлөрдү берүүгө;

2) убактылуу администрациянын (убактылуу башкаруучунун) жана камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун иши жөнүндө отчет жана маалымат берүүнү талап кылууга;

3) убактылуу администрацияны (убактылуу башкаруучуну) чакыртып алууга.

2. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун убактылуу администрациясынын (убактылуу башкаруучусунун) ишинин өзгөчөлүктөрү жана анын үчүнчү жактар менен өз ара мамилелеринин принциптери ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталат.

Убактылуу администрация өз ишин ыйгарым укуктуу орган камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмуна камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмун жоюу комиссиясын дайындаганга чейинки мезгилде же ыйгарым укуктуу органдын тиешелүү чечимине чейин жүргүзөт. Убактылуу администрациянын ишине контролду жүзөгө ашыруу максатында ыйгарым укуктуу орган убактылуу администрациянын ишинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын, жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузуулар аныкталган учурда, аныкталган бузууларды жана/же себептерди, ошондой эле аларды жасоого түрткү болгон шарттарды жоюу жөнүндө убактылуу администрация милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон жазма буйруктарды белгиленген мөөнөттө чыгарууга жана/же иш-чаралар планын белгиленген мөөнөттө берүүгө укуктуу.

3. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун убактылуу администрациясынын (убактылуу администратордун) аткарган иши жөнүндө отчету ыйгарым укуктуу органга бекитүү үчүн берилет.

---

Мурунку берене: [69-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230026520/st-69)  
Кийинки берене: [71-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230026520/st-71)
