# 7-берене. Камсыздандырылуучу үчүн маалыматтар

- Документ: [Камсыздандыруу жана камсыздандыруу иши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230026520)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 29-апрелиндеги № 89 "Камсыздандыруу жана камсыздандыруу иши жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 89
- Кабыл алынган күнү: 29.04.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.04.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230026520/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230026520/edition/31541/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230026520/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Камсыздандыруу жана камсыздандыруу иши жөнүндө, 7-берене (29.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230026520/st-7

---

1. Камсыздандыруучу камсыздандырылуучуга жана/же пайда табуучуга төмөнкүлөрдү камтыган маалыматтардын берилишин камсыз кылууга милдеттүү:

1) камсыздандыруучунун аталышы, дареги, уюштуруу-укуктук формасы жана жайгашкан жери;

2) түрлөрү боюнча Камсыздандыруу эрежелери жана колдонуудагы тарифтер;

3) камсыздандыруу келишимин түзүү мөөнөттөрү жана шарттары;

4) камсыздандырылуучу камсыздандыруучунун үстүнөн даттануу менен кайрыла турган ыйгарым укуктуу органдын дареги.

2. Камсыздандыруу келишими колдонулган мезгилде камсыздандыруучунун аталышы, дареги, уюштуруу-укуктук формасы жана жайгашкан жери өзгөргөн учурда, камсыздандыруу рыногунун кесипкөй катышуучусу бул жөнүндө камсыздандырылуучуга жазуу жүзүндө билдирүүгө милдеттүү.

---

Мурунку берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230026520/st-6)  
Кийинки берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230026520/st-8)
