# 69-берене. Убактылуу администратордун корутундусу

- Документ: [Камсыздандыруу жана камсыздандыруу иши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230026520)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 29-апрелиндеги № 89 "Камсыздандыруу жана камсыздандыруу иши жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 89
- Кабыл алынган күнү: 29.04.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.04.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230026520/st-69>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230026520/edition/31541/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230026520/st-69.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Камсыздандыруу жана камсыздандыруу иши жөнүндө, 69-берене (29.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230026520/st-69

---

Убактылуу администратор камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмуна убактылуу администрация киргизилген күндөн тартып он беш календардык күндөн кечиктирбестен камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун финансылык абалын талдоонун жана анын ишин баалоонун натыйжалары боюнча ыйгарым укуктуу органга төмөнкүдөй сунуштамалардын бирин камтыган корутундуну берет:

1) бузууларды жана көйгөйлөрдү четтетүүгө байланыштуу камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун ишин кайра баштоо;

2) камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмун мажбурлап жоюуну баштоо;

3) камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмун реструктуризациялоо боюнча иш-чараларды жүргүзүү.

---

Мурунку берене: [68-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230026520/st-68)  
Кийинки берене: [70-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230026520/st-70)
