# 68-берене. Убактылуу администратордун ыйгарым укуктары жана ишин уюштуруу

- Документ: [Камсыздандыруу жана камсыздандыруу иши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230026520)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 29-апрелиндеги № 89 "Камсыздандыруу жана камсыздандыруу иши жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 89
- Кабыл алынган күнү: 29.04.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.04.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230026520/st-68>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230026520/edition/31541/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230026520/st-68.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Камсыздандыруу жана камсыздандыруу иши жөнүндө, 68-берене (29.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230026520/st-68

---

1. Ыктыярдуу жоюу жөнүндө чечим кабыл алуу боюнча ыйгарым укуктарды кошпогондо, убактылуу администратор камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун башкаруу органдарынын бардык ыйгарым укуктарын уставга жана ушул Мыйзамга ылайык жүзөгө ашырат.

2. Убактылуу администратор ушул Мыйзамда каралган максаттарга жетүү үчүн өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырат. Убактылуу администратор ак ниеттүүлүк жана акыл-эстүүлүк менен иш алып барууга тийиш.

3. Убактылуу администратордун ишин уюштуруу жана отчеттуулукту берүү тартиби Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

---

Мурунку берене: [67-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230026520/st-67)  
Кийинки берене: [69-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230026520/st-69)
