# 67-берене. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмун башкаруу боюнча убактылуу администрация

- Документ: [Камсыздандыруу жана камсыздандыруу иши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230026520)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 29-апрелиндеги № 89 "Камсыздандыруу жана камсыздандыруу иши жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 89
- Кабыл алынган күнү: 29.04.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.04.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230026520/st-67>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230026520/edition/31541/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230026520/st-67.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Камсыздандыруу жана камсыздандыруу иши жөнүндө, 67-берене (29.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230026520/st-67

---

1. Убактылуу администрация ыйгарым укуктуу орган тарабынан ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлеринин же Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген талаптарга ылайык келген башка адамдардын ичинен дайындалат.

2. Убактылуу администрациянын жетекчисинин жана мүчөлөрүнүн (ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлерин кошпогондо) укуктары жана милдеттери өзүнчө келишим менен белгиленет.

3. Убактылуу администрациянын жетекчилерине жана мүчөлөрүнө эмгек акы төлөө камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун эсебинен жүргүзүлөт.

4. Убактылуу администрация өз ишинде ушул Мыйзамды жана ыйгарым укуктуу органдын чечимин жетекчиликке алат.

5. Ыйгарым укуктуу орган кайсы учурда болбосун Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте убактылуу администрациянын мүчөлөрүн алмаштырууга укуктуу.

6. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмуна келтирилген зыян үчүн убактылуу администрациянын жетекчиси жана мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат. Өндүрүштүк тобокелдик категориясына киргизилиши мүмкүн болгон зыян үчүн убактылуу администрациянын жетекчисине жана мүчөлөрүнө жоопкерчилик жүктөөгө жол берилбейт.

---

Мурунку берене: [66-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230026520/st-66)  
Кийинки берене: [68-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230026520/st-68)
