# 58-берене. Чындыкка дал келбеген маалыматтарды камтыган анык эмес жарнамага тыюу салуу

- Документ: [Камсыздандыруу жана камсыздандыруу иши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230026520)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 29-апрелиндеги № 89 "Камсыздандыруу жана камсыздандыруу иши жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 89
- Кабыл алынган күнү: 29.04.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.04.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230026520/st-58>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230026520/edition/31541/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230026520/st-58.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Камсыздандыруу жана камсыздандыруу иши жөнүндө, 58-берене (29.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230026520/st-58

---

1. Камсыздандыруу рыногунун кесипкөй катышуучуларына ал жарыяланган күнгө карата чындыкка дал келбеген маалыматтар катышкан өз ишин жарнамалоого тыюу салынат.

2. Ыйгарым укуктуу орган камсыздандыруу рыногунун кесипкөй катышуучуларынан чындыкка дал келбеген жарнаманын мазмунуна өзгөртүүлөрдү киргизүүнү, аны токтотууну же төгүндөөнү жарыялоону талап кылууга укуктуу.

Бул талап ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген мөөнөттө аткарылбаган учурда, ыйгарым укуктуу орган жарнамада камтылган маалыматтардын чындыкка дал келбегендиги жөнүндө маалыматты жарыялоого же болбосо аларды мындай жарнаманы жарыялаган камсыздандыруу рыногунун кесипкөй катышуучуларынын эсебинен тактоого укуктуу. Камсыздандыруу рыногунун кесипкөй катышуучулары анык эмес жарнаманы тараткандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.

---

Мурунку берене: [57-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230026520/st-57)  
Кийинки берене: [59-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230026520/st-59)
