# 56-берене. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун биргелешкен ишке катышуусу

- Документ: [Камсыздандыруу жана камсыздандыруу иши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230026520)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 29-апрелиндеги № 89 "Камсыздандыруу жана камсыздандыруу иши жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 89
- Кабыл алынган күнү: 29.04.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.04.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230026520/st-56>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230026520/edition/31541/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230026520/st-56.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Камсыздандыруу жана камсыздандыруу иши жөнүндө, 56-берене (29.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230026520/st-56

---

1. Камсыздандыруу рыногунун кесипкөй катышуучулары камсыздандыруу жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык консорциумду же жөнөкөй шериктикти түзүүгө катышууга укуктуу.

2. Камсыздандыруу рыногунун кесипкөй катышуучуларынын, аны менен аффилирленген жактардын, камсыздандыруу рыногунун кесипкөй катышуучуларынын катышуусу менен консорциумдарга жана жөнөкөй шериктиктерге катышкан жактардын жана уюмдардын ишин көзөмөлдөө консолидацияланган негизде жүзөгө ашырылышы мүмкүн. Консолидацияланган көзөмөлдүн эрежелери ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилет.

---

Мурунку берене: [55-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230026520/st-55)  
Кийинки берене: [57-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230026520/st-57)
