# 54-берене. Камсыздандыруу резервдери

- Документ: [Камсыздандыруу жана камсыздандыруу иши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230026520)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 29-апрелиндеги № 89 "Камсыздандыруу жана камсыздандыруу иши жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 89
- Кабыл алынган күнү: 29.04.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.04.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230026520/st-54>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230026520/edition/31541/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230026520/st-54.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Камсыздандыруу жана камсыздандыруу иши жөнүндө, 54-берене (29.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230026520/st-54

---

1. Кабыл алынган камсыздандыруу милдеттенмелерин аткарууну камсыз кылуу үчүн камсыздандыруучулар алынган камсыздандыруу төгүмдөрүнөн алдыдагы камсыздандыруу төлөмдөрү үчүн зарыл болгон камсыздандыруу (техникалык) резервдерин алардын түрлөрү жана камсыздандыруу валюталары боюнча түзөт.

2. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюму тарабынан түзүлүүчү камсыздандыруу (техникалык) резервдерине чегерүүлөрдү эсептөө методикасы жана ченемдери финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарынын талаптарына ылайык аныкталат жана Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.

3. Салыктарды төлөгөндөн кийин калган жана камсыздандыруучулардын карамагына түшкөн кирешелерден алар өз ишин камсыз кылуу үчүн зарыл болгон башка резервдерди түзө алат.

4. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюму тарабынан түзүлгөн камсыздандыруу (техникалык) резервдери мамлекеттик бюджетке алынбайт.

5. Камсыздандыруу (техникалык) резервдерин жайгаштыруу камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдары тарабынан ишенимдүүлүк, кайтарымдуулук, кирешелүүлүк, ликвиддүүлүк жана диверсификация принциптерин сактоо менен жүргүзүлүүгө тийиш жана Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

---

Мурунку берене: [53-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230026520/st-53)  
Кийинки берене: [55-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230026520/st-55)
