54-берене. Камсыздандыруу резервдери
Күчүндө · 29.04.2025 редакциясы · 7-глава
1. Кабыл алынган камсыздандыруу милдеттенмелерин аткарууну камсыз кылуу үчүн камсыздандыруучулар алынган камсыздандыруу төгүмдөрүнөн алдыдагы камсыздандыруу төлөмдөрү үчүн зарыл болгон камсыздандыруу (техникалык) резервдерин алардын түрлөрү жана камсыздандыруу валюталары боюнча түзөт.
2. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюму тарабынан түзүлүүчү камсыздандыруу (техникалык) резервдерине чегерүүлөрдү эсептөө методикасы жана ченемдери финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарынын талаптарына ылайык аныкталат жана Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
3. Салыктарды төлөгөндөн кийин калган жана камсыздандыруучулардын карамагына түшкөн кирешелерден алар өз ишин камсыз кылуу үчүн зарыл болгон башка резервдерди түзө алат.
4. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюму тарабынан түзүлгөн камсыздандыруу (техникалык) резервдери мамлекеттик бюджетке алынбайт.
5. Камсыздандыруу (техникалык) резервдерин жайгаштыруу камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдары тарабынан ишенимдүүлүк, кайтарымдуулук, кирешелүүлүк, ликвиддүүлүк жана диверсификация принциптерин сактоо менен жүргүзүлүүгө тийиш жана Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
Берененин тексти 29.04.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
54-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230026520/st-54" title="54-берене - Камсыздандыруу жана камсыздандыруу иши жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>