# 53-берене. Камсыздандыруучулардын финансылык туруктуулугун камсыз кылуу шарттары

- Документ: [Камсыздандыруу жана камсыздандыруу иши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230026520)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 29-апрелиндеги № 89 "Камсыздандыруу жана камсыздандыруу иши жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 89
- Кабыл алынган күнү: 29.04.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.04.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230026520/st-53>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230026520/edition/31541/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230026520/st-53.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Камсыздандыруу жана камсыздандыруу иши жөнүндө, 53-берене (29.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230026520/st-53

---

1. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдарынын финансылык туруктуулугун камсыз кылуунун шарты болуп өлчөмү Министрлер Кабинети белгилеген уставдык капиталдын минималдуу өлчөмүнөн төмөн болбогон, толук төлөнгөн уставдык капиталдын, камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу), кошо камсыздандыруу боюнча милдеттенмелерди аткаруу үчүн жетиштүү болгон, түзүлгөн камсыздандыруу (техникалык) резервдеринин болушу жана кайра камсыздандыруу тутумунун болушу саналат.

2. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдарынын камсыздандыруу (техникалык) резервдери жана өздүк каражаттары диверсификациянын, ликвиддүүлүктүн, кайтарымдуулуктун жана кирешелүүлүктүн талаптарына ылайык келген активдер менен камсыз болууга тийиш.

3. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдарынын өздүк каражаттары өзүнө уставдык капиталды, резервдик капиталды, кошумча капиталды, бөлүштүрүлбөгөн пайданы камтыйт.

4. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдары өздөрүнүн төлөө жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу үчүн төлөө жөндөмдүүлүгүнүн жана финансылык туруктуулуктун ченемдерин, ошондой эле өздүк каражаттарынын өлчөмүнө жараша ар бир өзүнчө же камсыздандыруу объекттеринин (же тобокелдиктердин) жыйындысын камсыздандыруу боюнча жоопкерчиликтин максималдуу ченемдерин сактоого милдеттүү.

Көрсөтүлгөн ченемдерди эсептөө методикасы, ошондой эле алардын өлчөмдөрү Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат жана бекитилет.

5. Өздүк каражаттарынын эсебинен аларды аткаруу мүмкүнчүлүгүнөн ашкан көлөмдө милдеттенме алган камсыздандыруучулар тиешелүү милдеттенмелерди аткаруу тобокелдигин кайра камсыздандырууга милдеттүү.

---

Мурунку берене: [52-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230026520/st-52)  
Кийинки берене: [54-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230026520/st-54)
