# 52-берене. Ислам камсыздандыруу келишимин камсыздандыруунун ислам принциптерине ылайык келбейт деп таануунун кесепеттери

- Документ: [Камсыздандыруу жана камсыздандыруу иши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230026520)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 29-апрелиндеги № 89 "Камсыздандыруу жана камсыздандыруу иши жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 89
- Кабыл алынган күнү: 29.04.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.04.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230026520/st-52>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230026520/edition/31541/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230026520/st-52.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Камсыздандыруу жана камсыздандыруу иши жөнүндө, 52-берене (29.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230026520/st-52

---

1. Камсыздандыруунун ислам принциптери боюнча кеңеш тарабынан түзүү стадиясында турган ислам камсыздандыруу келишими ушул Мыйзамдын 47-беренесинде көрсөтүлгөн камсыздандыруунун ислам принциптерине ылайык келбейт деп таанылса, мындай келишим түзүлүүгө жана аткарылууга тийиш эмес.

2. Камсыздандыруунун ислам принциптери боюнча кеңеш тарабынан түзүлгөн, бирок аткарылбаган же жарым-жартылай аткарылган ислам камсыздандыруу келишими камсыздандыруунун ислам принциптерине ылайык келбейт деп таанылса, мындай келишим ислам камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун талабы боюнча Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте колдонулушу мөөнөтүнөн мурда токтотулат.

---

Мурунку берене: [51-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230026520/st-51)  
Кийинки берене: [53-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230026520/st-53)
