50-берене. Ислам камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун уставына карата талаптар
Күчүндө · 29.04.2025 редакциясы · 6-глава
Кыргыз Республикасынын резидент эмеси - ислам камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун ислам терезесинин алкагында иш жүргүзгөн камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун уставы ушул Мыйзамда каралган маалыматтардан тышкары төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) ислам камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун же ислам терезесинин алкагында иш жүргүзгөн камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун ишинин максаттарын;
2) ислам камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун же ислам терезесинин алкагында иш жүргүзгөн камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун туруктуу органы - Камсыздандыруунун ислам принциптери боюнча кеңешинин милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары, ошондой эле аны түзүүнүн тартиби жана Камсыздандыруунун ислам принциптери боюнча кеңешинин мүчөлөрүнө карата талаптарын;
3) ислам камсыздандыруу фондун башкаруу үчүн Камсыздандыруунун ислам принциптери боюнча кеңеши тарабынан жактырылган сый акы алуунун шарттары жана тартибин.
Берененин тексти 29.04.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
50-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230026520/st-50" title="50-берене - Камсыздандыруу жана камсыздандыруу иши жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>