# 49-берене. Камсыздандыруунун ислам принциптери боюнча кеңештин иши

- Документ: [Камсыздандыруу жана камсыздандыруу иши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230026520)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 29-апрелиндеги № 89 "Камсыздандыруу жана камсыздандыруу иши жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 89
- Кабыл алынган күнү: 29.04.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.04.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230026520/st-49>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230026520/edition/31541/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230026520/st-49.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Камсыздандыруу жана камсыздандыруу иши жөнүндө, 49-берене (29.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230026520/st-49

---

1. Ислам терезесинин алкагында иш жүргүзгөн ислам камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунда же камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунда камсыздандыруунун ислам принциптери боюнча иштин, операциялардын жана бүтүмдөрдүн шайкештигин аныктоо үчүн милдеттүү түрдө Камсыздандыруунун ислам принциптери боюнча кеңеши түзүлөт.

2. Камсыздандыруунун ислам принциптери боюнча кеңеши директорлор кеңешинин сунуштамасы боюнча ислам камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун акционерлеринин жалпы чогулушу же ишин ислам терезесинин алкагында жүзөгө ашыруучу камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюму тарабынан дайындалуучу көз карандысыз орган болуп саналат.

---

Мурунку берене: [48-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230026520/st-48)  
Кийинки берене: [50-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230026520/st-50)
