# 47-берене. Ислам камсыздандыруусунун принциптери

- Документ: [Камсыздандыруу жана камсыздандыруу иши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230026520)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 29-апрелиндеги № 89 "Камсыздандыруу жана камсыздандыруу иши жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 89
- Кабыл алынган күнү: 29.04.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.04.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230026520/st-47>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230026520/edition/31541/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230026520/st-47.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Камсыздандыруу жана камсыздандыруу иши жөнүндө, 47-берене (29.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230026520/st-47

---

1. Ислам камсыздандыруусунун принциптери болуп төмөнкүлөр саналат:

1) камсыздандыруучулардын өз ара коргоосу жана өз ара жоопкерчилиги;

2) зайымдарды берүүдөн кирешелерди алууга тыюу салуу;

3) тамеки, алкоголдук продукцияларды, курал-жарактарды жана ок-дарыларды, оюн-зоок бизнесин, ошондой эле Камсыздандыруунун ислам принциптери боюнча кеңеши тарабынан тыюу салынган ишкердиктин башка түрлөрүн өндүрүү жана/же соодалоо менен байланышкан камсыздандырууга (кайра камсыздандырууга) тыюу салуу.

2. Кыргыз Республикасынын аймагында ислам принциптери боюнча камсыздандыруу ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык иш жүргүзүүгө лицензиясы бар камсыздандыруу компаниялары (камсыздандыруучулар) тарабынан жүзөгө ашырылат.

---

Мурунку берене: [46-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230026520/st-46)  
Кийинки берене: [48-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230026520/st-48)
