# 41-берене. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун башкаруу органдары

- Документ: [Камсыздандыруу жана камсыздандыруу иши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230026520)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 29-апрелиндеги № 89 "Камсыздандыруу жана камсыздандыруу иши жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 89
- Кабыл алынган күнү: 29.04.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.04.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230026520/st-41>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230026520/edition/31541/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230026520/st-41.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Камсыздандыруу жана камсыздандыруу иши жөнүндө, 41-берене (29.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230026520/st-41

---

1. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдарынын башкаруу органдарын тандоо боюнча бардык ченемдер, алардын компетенциялары, ошондой эле аларды түзүү тартиби жана укуктук абалынын өзгөчөлүктөрү акционердик коомдор жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат.

2. Башкаруу органдарынын иши камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун уставы жана ички документтери менен жөнгө салынат.

3. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун кызмат адамдарынын тизмеги, аларга карата квалификациялык талаптар Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат жана белгиленет.

---

Мурунку берене: [40-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230026520/st-40)  
Кийинки берене: [42-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230026520/st-42)
